КОБЕ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КО́БЕ – Япониядагы шаар. Хиого префектурасынын адм. борбору. Хонсю а-нын түш.-батышында, Осака кысыгынын жээгинде, бир топ бөлүгү калдыктардан пайда болгон Порт-Айленд (1966–81, аянты 826 га; шаар м-н «Минатодзима» суу астындагы тоннели ж-а эки ярустуу көпүрө аркылуу байланышат) ж-а Рокко (1992,

595 га) а-нда жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2008).
Өлкөнүн маанилүү жолдор тоому. К-де «Мейсин», «Хансин», «Санъё», «Тюгоку» Кобе – Авадзи – Наруто жогорку ылдамдык автострадалары өтөт. Акаси кысыгы аркылуу өткөн автомобиль асма көпүрөсү (1998; уз. 3,9 км, таянычынын бийикт. 298 м, дүйнөдөгү эң бийик ж-а узун) аркылуу Авадзи а. м-н байланышат. Порт аркылуу жылына 95,5 млн т жүк ташылат (2006,
өлкөнүн сырткы соодасынын 1/ и). «Токайдо» т. ж. магистралынын (Кобе – Токио) батыштагы акыркы пункту. Шаардагы т. ж. тармакта
-
ры толугу м-н автоматташтырылган (1981; дүйнөдө биринчи жолу). К-нин жайгашкан жеринде эл байыртадан эле отурукташкан. 1889-жылдан шаар статусуна ээ. 1907-жылдан порт. Госикидзука кофун-коргону (4-к-дын аягы – 5-к-дын
башы), храм комплекстери (а. и. Икута синтоист храмы, 3-к-дын башы), Хакоги-Сенненя байыркы чарбагы ж. б. сакталган. К-де 100дөн ашык эл аралык корпорациялардын өкүлчүлүктөрү, Япониядагы ири ишканалар м-н компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Кеме куруу, металлургия, машина куруу, аскер, хим., нефть-хим., текстиль ө. ж. ишканалары иштейт. Кондитер азыктар өндүрүшү (1931-ж. орус ишкери В. Ф. Морозов тарабынан негизделген) өнүккөн. Япониядагы илим, билимдин башкы борбору. Ун-ттер (а. и. мамлекеттик эместер да бар), ИИИлер, китепканалар, музейлер (а. и. сүрөт ж. б.) бар. Туризм өнүккөн. К. 1995- жылкы жер титирөөдө кыйрап, 2005-ж. толугу м-н кайрадан курулган.