КНЯЗЬ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КНЯ́ЗЬ – 1) 9–16-к-да славян ж-а кээ бир башка элдердеги феодалдыкмонархиялык мамлекеттердин башчысы же ак сөөктөрдүн өкүлү. К. адегенде аскердик демокр. органдарды башкарып, кийин алгачкы феодалдык мамлекеттин башчысына айланган. Алгач К-дык бийлик шайлоо аркылуу берилсе, кийин мураска (Байыркы орус мамлекетинде Рюрико-
вичтер, Улуу Литвада Гедиминовичтер ж-а Ягеллондор, Польшада Пясттар, Чехияда Пржемысловичтер ж. б.) өткөн. Байыркы орус мамлекетинде ж-а Литвада өлкө башчылары Улуу К., калгандары уделдик К-дар деп аталган; 2) мурас аркылуу бериле турган дворяндык титул. Алгачкы К. титулун Россияда 18-к-да Д. И. Меньшиков алган. К-дык наам Россияда Октябрь рев-ясы жеңгенден кийин ББАКтын 1917-жылдын 10 (23)-ноябрындагы «Катмарларды ж-а жарандык чиндерди жоюу жөнүндө» декретинен кийин күчүн жоготкон.