КМШ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КМШ , Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги – эгемендүү, көз карандысыз мамлекеттердин өз ара макулдашууларынын ж-а келишимдеринин негизинде пайда болгон мамлекеттер аралык бирикмеси. КМШ 1991-ж. 8-декабрда Минск ш-на жакын жердеги Беловежа токоюнда СССРдин курамындагы РСФСР, Беларуссия ж-а Украина респ-ларынын өкүлдөрү кол койгон келишимдин негизинде түзүлгөн. Бул 1991-ж. 17-мартта СССР б-ча өткөрүлгөн референдумда СССРди сактап калууну колдогон (76%) көпчүлүктүн эркине каршы окуя болуп, 15 респ-ны бириктирген СССРдин кулай баштаганын билдирген. Ошол эле жылы 21-декабрда Алматы ш-нда Азербайжан, Армения, Казакстан, Кырг-н, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Беларуссия, Россия ж-а Украина биригип, КМШны түзүү келишимине кол коюшуп, декларация кабыл алышкан. Ошентип, терең кризистин негизинде СССР өзүнүн жашоосун биротоло токтоткон. СССРдин Президенти М. С. Горбачёв 1991-ж. 25-декабрда президенттик милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген. Шериктеш мамлекеттердин максаттары ж-а принциптери төмөндөгүдөй аныкталат: КМШ өзүнчө бөлүнүп түзүлгөн мамлекет же мамлекеттердин үстүнөн караган бирикме эмес; анын катышуучуларынын өз ара иш-аракеттери, мамлекеттер түзгөн келишимдерде макулдашылган тартипте артыкчылыктык принциби б-ча ишке ашырылат; эл аралык стратегиялык туруктуулукту сактоо максатында аскердик-стратегиялык күчтөр б-ча бириккен командалык ж-а ядролук курал б-ча бирдиктүү көзөмөлдөө сакталат; тараптар өз ичинен ядросуз же бейтарап мамлекет болууга умтулган өлкөгө урмат-сый м-н мамиле кылышат; КМШга башка дагы каалаган мамлекеттер кошула алат. КМШнын негизги органдары – Мамлекет башчыларынын кеңеши, Өкмөт башчыларынын кеңеши, Аткаруучу секретариаты, Мамлекет аралык экон. кеңеш, Парламент аралык ассамблея, Коргоо министрлер кеңеши, Тышкы иштер министрлер кеңеши, Космос б-ча мамлекеттер аралык кеңеш, Коллективдүү коопсуздук келишими ж. б. КМШнын туруктуу иштеген органы – Координациялык-кеңеш берүүчү к-т (Минскиде жайгашкан). КМШнын Мамлекет башчылар кеңеши, Өкмөт башчылар кеңеши ж. б. органдарында жолугушуулар өткөрүлүп, маанилүү заманбап маселелер чечилип турат.