КЛЮЧЕВСКИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЛЮЧЕВСКИ́Й Василий Осипович [16 (28). 1. 1841, Пенза губерниясы, Воскресенский кыш. – 12(25). 5. 1911, Москва] – орус тарыхчысы. Тарых илимд. доктору (1882), проф. (1882). Петербург ИАнын корр. мүчөсү (1889), академик (1900), ардактуу академик (1908). Москва ун-тин бүткөн (1865). Падышалык жеке бийликти, анын өкүлдөрүн сынга алганы м-н бурж.-помещиктик түзүлүшкө каршы чыккан эмес. 19-к-дын аягынан монархияны колдой баштаган. 1860-жылдардан орус элинин тарыхын, чарбасын, тиричилигин изилдеген. 1880-жылдары коомдун тарыхындагы социалдык ж-а экон. факторлорду талдап, орустун бурж. тарыхнаамасына жаңылык киргизген. Социалдык-экон. формациялардын ырааттуулук м-н алмашуу мыйзамын танып, доорлорго бөлүүдө орустун Чыгыш Европа түздүгүн колониялоо этаптарын негизги өбөлгө катары туткан.
Эмг.: Сочинения: В 9 т. М., 1987–1990; Афоризмы
и мысли об истории. М., 2007.
Ад.: В. О. Ключевский и проблемы российской провинциальной культуры и историографии: В 2 кн. М., 2005.