КЛОН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЛОН (гр. klon – бутак, чырпык) – жыныссыз көбөйүү жолу м-н жалпы тектен келип чыккан клеткалар же особдор жыйындысы. К-дордун пайда болушу митоздун негизинде ишке ашып, ген. маалымат энелик ж-а туунду клеткаларга тең бөлүнөт. Ошондуктан К-дор тукум куугучтугу бирдей клеткалардан турат деп эсептелет. Бирок К-дордун бирдейлиги мутациянын натыйжасында өзгөрөт. К-дордун мүнөздүү өзгөчөлүктөрү тынымсыз тандоо аркылуу сакталат. Вегетациялык көбөйүүчү айдалма өсүмдүктө (мис., картөшкөдө), көпчүлүк учурда сорт өз алдынча К. болуп саналат. К-доштуруу жолу м-н (б. а. вегетациялык көбөйүү аркылуу) сорттун өзгөчөлүгүн сактоого болот.