КЛИЧКО Владимир Владимирович: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЛИЧКО́ Владимир Владимирович (25. 3. 1976- ж. т., Казакстан, Солнечный шаарчасы) – украиналык профессионал бокс чебери. Бир тууган К-лордун кичүүсү. Олимпия оюндарынын (1996, Атланта), жаштар арасында Европанын ж-а Украинанын 5 жолку оор салмактагы чемпиону. WBO (2000–2003), IBF ж-а IBO (2006– 2007) версиялары б-ча профессионалдар арасында дүйнөнүн чемпиону. О. эле Европанын профессионалдар арасында чемпиону. Өзүнүн профессионалдык баскычын К. улуу агасы м-н бирге 1996-ж. Гамбургдун Universum Box Promotion (Германия) клубунда баштап, Р. Пьюрити, Ф. Жексон, К. Бёрд, Ф. Бота, К. Сандерс, Л. Брюстер ж. б. бокс чеберлери м-н таймашкан.