КЛИМАТТЫ ПАЙДА КЫЛУУЧУ ПРОЦЕССТЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЛИМАТТЫ ПАЙДА КЫЛУУЧУ ПРОЦЕССТЕР – Жердин же айрым региондун климатын
аныктоочу жаратылыш процесстери. Жалпы Жер үчүн К. п. к. п.: жылуулук айлануу (жер бети м-н атм-нын ортосундагы жылуулук ж-а ным алмашуу процесстерин камтыйт); атм-нын жалпы циркуляциясы (айрым региондор үчүн жерг. циркуляция, мис., бриз, тоо-өрөөн шамалдары ж. б. маанилүү). Үч негизги К. п. к. п. бири-бири м-н тыгыз байланышта болуп, климаттын ар бир элементинин режими алардын биргелешкен таасиринен калыптанат. К. п. к. п. конкреттүү геогр. шартта жүрүп, анын натыйжасына таасирин тийгизет. Анын эң маанилүүсү географиялык кеңдик (ага түшкөн күн нурунун
өлчөмү, түшүү узактыгы, суткалык ж-а сезондук өзгөрүүсү, абанын темп-расы, атм. басым ж. б. байланыштуу) ж-а аба агымынын өзгөчөлүктөрүн аныктаган Жердин айлануу күчүнүн кыйшаюусу (Кориолис күчү). Деңиз деңгээлинин бийиктиги атм-дагы ж-а тоодогу климаттык шарттарга таасир этип, бийиктик климаттык алкактарды (к. Бийиктик алкактуулук, Климаттык райондоштуруу) пайда кылат. Бийиктиги жүздөгөн ж-а миңдеген мге жеткен аз аралык климатка кеңдик б-ча миңдеген кмге тете таасирин тийгизет. Анткени тоолор ж-а тоо тизмектери аба агымын, темп-раны, булуттуулукту, жаан-чачынды экинчи капталына өткөрбөй кармап калат. Кургактык м-н деңиздердин болушу материктер м-н океандардын климатынын айырмачылыгын жаратат. Ал айырмачылык топурак м-н суунун үстүнкү катмарлары жылуулукту түрдүүчө сиңирип алышына ж-а таралышына байланыштуу. Деңиздик климаттык шарт аба агымдары м-н материктерге терең кирип, ал эми континенттик климат океандардын чектеш бөлүктөрүнө таасирин тийгизет. К. п. к. п-де жылуу ж-а муздак океан агымдарынын таасири зор. Жогорку кеңдиктерде жылуу агым атм-ны жылытып, төмөнкү кеңдиктерде муздак агым атм-ны муздатат. Жылуу агымдардын үстүндө аба массалары жылып, жаан-чачынды алып келүүчү конвекциялык булут пайда болот. Жылуу аба адвекциясы көбүнчө океандын батыш жээктеринде байкалат. Муздак агымдар континенттен соккон жылуу абанын адвекциясында атм. конвекциясына, булуттун пайда болуусуна тоскоолдук кылат; анын үстүндө аба массасы трансформацияланып, материктерге суук алып келет. Тоңгон кыртыштын үстүнө жылуу аба келсе, туман пайда болот. Топурактын чагылдыруу жөндөмдүүлүгү (альбедо) м-н нымдуулугу негизги мааниге ээ. Радиацияны сиңирүүдө ж-а чагылдырууда ным ж-а шамал өсүмдүктөргө таасирин тийгизет. Климатты пайда кылууда кургактыкта ж-а деңизде сезондук ж-а туруктуу кар же муз катмарынын, тоолордо фирн талааларынын ж-а мөңгүлөрдүн мааниси зор. Антарктиданын ж-а Гренландиянын үстүндөгү туруктуу муз калкандары, уюлдук аймактардагы калкыма муздар темп-ранын режимине, шамалга, булуттуулукка, нымдуулукка таасирин тийгизет. Түн. ж-а түш. жарым шарларда Антарктика антициклону м-н Гренландия антициклону ири масштабдуу атм. циркуляциясынын
өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Гренландия м-н
Антарктиданын муздуктарына жааган кар алардын чет-жакаларынан кертилип түшкөн айсбергдердин ордун толуктап турат. Кар ж-а муз катмары жогорку альбедого (нурду чагылдыруу
жөндөмдүүлүгүнө; 60–70%) ээ. Кар ж-а муз катмары жылуулук алмашууда абанын темп-расын, жер бетинин жаркыроосун ж-а буулануусун төмөндөтөт.
Климатты пайда кылуучу негизги фактор –
атм. абасынын курамы. Ал жаратылыш процесстеринен (жанартоонун атылышынан, ири токой массивдеринин өрттөлүшүнөн, чаңдуу ж-а кумдуу бороондон), адамдын техногендик иш-аракеттеринен (ө. ж. ишканалары ж-а автомобилден чыккан таштандыны өрттөөдөн) дайыма өзгөрүп турат. Натыйжада атм-да көмүр кычкылынын ж. б. газдардын өлчөмү көбөйүп, парник эффектисине алып келет, аэрозолдордун хим. курамы ж-а өлчөмү өзгөрөт.
Глобалдык К. п. к. п. (мис., континенттердин дрейфи, Жер орбитасынын параметрлеринин өзгөрүшү ж. б.) млндогон жылдар ичинде, ал эми региондук процесстер (ландшафттын жасалма же табигый алмашуусу, ири көлмөлөрдүн пайда болушу же жоголушу ж. б.) жүздөгөн жылдар ичинде климатты өзгөртөт.
Ад.: Тепловой баланс Земли / Под ред. М. И. Будыко. Л., 1978; Кароль И. Л. Введение в динамику климата Земли. Л., 1988; Кислов А. В. Климат в прошлом, настоящем и будущем. М., 2001.