КЛИМАТТЫК ОПТИМУМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЛИМАТТЫК О́ПТИМУМ – төртүнчүлүк мезгилдин муз каптоолор аралыгындагы ж-а алардан кийинки убактагы климаттын жылуулугу. Акыркы К. о. палеонтол. ж-а геол. маалыматтар б-ча голоценде (мындан 6,2–5,3 миң жыл мурун) байкалган. К. о-да бүткүл планетада жылуу ж-а нымдуу климат өкүм сүргөн, мелүүн алкактын токой зонасы болжол м-н 5° түндүккө жылган, каралжын ийне жалбырактуу токойлор Баренц деңизинин жээгинде өсүп, Азияда тайга Челюскин тумшугуна чейин жеткен, Сахараны саванна ээлеп, Чад көлүнүн деңгээли 40 мге көтөрүлгөн. Муз эрип, тез чегинген. Дүйнөлүк океандын деңгээли көтөрүлгөн.