КЛЕТКА ТЕОРИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЛЕ́ТКА ТЕОРИЯСЫ – тирүү организмдердин
келип чыгышы, өнүгүшү ж-а түзүлүшү бирдей эк ендигин дали л деге н би ол. жый ынтык.
Өсүмдүктүн клеткалык түзүлүшүн биринчи болуп англ. физик Р. Гук (1665) байкаган. Андан кийин голл. табият таануучу А. Левенгук (1680) бир клеткалуу организмдерди ачкан ж-а биринчилерден болуп жаныбар клеткасын (эритроциттер) көргөн. Кийинчерээк итал. окумуштуу Ф. Фонтана (1781) жаныбар клеткасын сүрөттөп жазган. Өсүмдүк клеткасынын ядросун англ. окумуштуу Р. Броун (1831) ачкан. К. т-н түзүүгө немис физиологу Т. Шванн чоң салым кошкон.
Өсүмдүк ж-а жаныбарлардын ткандык түзүлүшүн салыштырып, алардын клеткалык түзүлүшүнүн ж-а өсүүсүнүн окшоштугун көрсөткөн. Кийинчерээк К. т-нда көбүнчө бир клеткалуу организмдер изилденип, клетканын негизги компоненти болгон ядро ж-а протоплазма ж-дөгү түшүнүк калыптанып, клетканын бөлүнүшү далилденген. Митоздук бөлүнүүнүн ж-а клетканын негизги органоиддеринин ачылышы, кийинчерээк биохимиянын ж-а мол. биологиянын өөрчүшү м-н клетканын түзүлүшү ж-а аткарган кызматы, тирүү табияттын клетка деңгээли ж-дөгү азыркы түшүнүктөр калыптанган. Клетканын түзүлүшү, тиричилик-аракети ж-а өөрчүшү ж-дөгү жаңы маалыматтардын алынгандыгына карабастан, К. т-нын негизги жоболору
өзүнүн маанисин жоготкон жок: 1) клетка – тирүү организмдин эң жөнөкөй бирдиги; 2) ар түрдүү организмдин клеткалары өзүнүн түзүлүшү, хим. курамы, зат алмашуусу б-ча гомологиялуу; 3) жаңы клетка өзүндөй эле (баштапкы) клеткадан бөлүнүү жолу м-н пайда болот; 4) көп клеткалуу организмдер бүтүн ткань ж-а органдар тутумуна бириккен, бири-бири м-н жөнгө салынуунун клетка аралык, гумордук ж-а нервдик байланышкан клеткалардын татаал тобу. Азыркы К. т. көп клеткалуу организмди өз ара аракеттенишкен ж-а кызмат аткарган татаал система катары карайт. Клетканын негизги түзүлүш элементи ядролуу эукариот, о. эле ядросуз прокариотко да окшош болот. Вирустар
өз алдынча жашай албайт ж-а өзгөчө клетка митеси экендигине карабастан, алардын жашоосу тирүү организмдин клеткалык түзүлүшүнүн жалпы бирдейлигин бекемдейт. Ошону м-н бирге баарыдан мурда хим. курамынын ж-а зат алмашуусунун окшоштугун далилдейт. Нуклеин к-талары ж-а белоктор клетка тиричилигиндеги маанилүү бөлүктөр, алардын синтезделиши ж-а айланышы жалпы бирдей ж-а бардык тирүү организм клеткасында бири бирине окшош.
Т. Дөөлөткелдиева.