КЛЕРИКАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЛЕРИКАЛИ́ЗМ – коом турмушунун негизи катары диний дөөлөттөрдү орнотууга, мамлекеттин коомдук-саясий ж-а маданий турмушунда диний ин-ттардын аныктоочу ролун камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган коомдуктеол. ж-а алар м-н байланышкан саясий практикалык иштердин комплекси. К. тенденциясы көпчүлүк диндерге мүнөздүү болсо да, «К.» термини христианчылыкта (католицизмде) активдүү колдонулат. К. 19-к-да парламентаризмдин элементи катары калыптанган. Алгачкы клерикалдык партия Бельгияда түзүлүп, анын узакка созулган ишмердиги Бельгиянын католиктик мамлекет статусун сактап келди. Ушул багытта клерикалдык партия Австрия-Венгрия м-н Баварияда мамл. саясаттын элементи катары чыгышкан. Азыркы Россияда «К.» термини православие чиркөөсүнүн миссиясын кеңейтүү демилгесин (мамл. ЖОЖдордо теол. билим берүү, мектептерде дин мад-тын окутууну киргизүү) негативдүү сындоо үчүн пайдаланылат.