КЛЕЙН БЕТИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЛЕЙН БЕТИ , К л е й н б ө т ө л к ө с ү – бир жактуу туюк бет.

К. б. үч өлчөмдүү мейкиндикте эки жагы ачык түтүктү (а чийме) ийип, анын ичке учун түтүктүн каптал жагынан тешип өткөзүп ж-а жоон учун түтүктүн ичин көздөй, ичке учун сыртты көздөй кайрып, эки четки учтарын бири бирине чаптаганда өзүн өзү кесүүчү К. б. алынат (б чийме). Өзүн өзү кеспөөчү К. б. 4 өлчөмдүү мейкиндикте гана болушу мүмкүн. К. б-нин касиеттери топологияда текшерилет. Бул бетти немис математиги Ф. Клейн (1874) изилдеген.