КЛАССИКАЛЫК АДАБИЯТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЛАССИКАЛЫК АДАБИЯТ – бардык мезгилде идеялык мазмуну ж-а көркөмдүк жагынан эң жогору бааланган ад-т үлгүсү; кеменгер акын­жазуучулар жараткан, коомдук мааниси м-н ка­сиети бийик чыгармалар. К. а. адамзаттын адам­герчилик ж-а агартуучул идеяларын туу туткан. Ар бир элдин тарыхый тагдырына байланыш­туу К. а. бир элде эрте, бир элде кечирээк пайда болгон. Мис., Грекияда б. з. ч. 5-к-да, Римде 1-к-да, О. Азия ж-а Чыгышта 9–12-к-да, Фран­цияда 17-к-да, Россияда 19-к-да өнүккөн А. С. Пуш­кин, А. П. Чехов, М. Ю. Лермонтов, Н. А. Нек­расов, И. С. Тургенев, Л. Н. Толстой ж. б. Кыр­гыз К. а-ынын жаралышы да 19-к-га таандык.
Анын өкүлдөрү – Арстанбек, Калыгул, Мол­до Кылыч, Эшмамбет, Жеңижок, Т. Сатылга­нов, Тоголок Молдо, Б. Алыкулов, К. Тыныста­нов, А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков, А. Осмонов, С. Эралиев, Ч. Айтматов, Т. Касымбеков ж. б.