КИЧИ КЫЗЫЛ-СУУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КИЧИ КЫЗЫЛ-СУУ – Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгүнүн түн. капталынан агып түшкөн суу. Ысык-Көлдүн куймасы. Жети-Өгүз р-нунда. Уз. 37 км, алабынын аянты 139 км2. Суу куралуу аянтынын орт. бийикт. 2930 м. К. К.-С-га уз. 21 км болгон 9 суу куят. Көп жылдык орт.
чыгымы 1,25 м3/сек. Май–сентябрь айларында
кирип, октябрь–апрель айларында тартылат.
Июль айы сууга мол (орт. чыгымы 3,2 м3/сек), декабрь – февралда сууга өксү (0,4 м3/сек) болот. Эң көп чыгымы 45 м3/сек, эң азы 0,08 м3/сек. Декабрдын ортосунда муз каптап, марттын аягында ачылат. Муздун калыңдыгы 25–40 смге
жетет. Сугатка пайдаланылат. К. К.-С-дан 3 м3/секга жакын суу өткөрүүчү 8 канал чыгарылган.
Өрөөнүндө Кызыл-Суу кыш. жайгашкан.