КИЧИКУЛ ТУЗ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КИЧИКУЛ ТУЗ КЕНИ Нарын обл-нун Жумгал р-нунда, Чаек кыш-нан 15 км, деңиз деңг. 1900– 2100 м бийикте. Неоген мезгилиндеги туздуу свитанын арасында, глауберит минералы бар линза сымал катмарча. Глаубериттүү текте нат­рий сульфатынын өлчөмү 19,74–24,72%. Кат­марчанын калыңдыгы 35–40 м, кээ бир жерде 10,5 мге чейин жукарып, 1700 мге созулуп жа­тат. Туздуу свита бордуу. Бордун үч оксидинин өлчөмү 0,65%ти түзөт; булак сууларынын кур­гак калдыгында бордун өлчөмү 48,7–238,1 мг/л. Натрий сульфатын экон. арзан ыкма м-н ажы­ратуу технологиясын иштеп чыкса, кен хим. ө. ж-дын сырьё базасы боло алат. Тамак-ашка колдонууга жарабайт. Мал жесе болот. Болжол­дуу ресурсу 47 миң т.