КИЧИ КЕМИН ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КИЧИ КЕМИН ӨРӨӨНҮ Чүй ойдуңунун чыгы­шында, Кемин ж-а Кастек тоолорунун аралы­гында. Кемин р-нунда. Аянты 160 км2, уз. 20 км, туурасы эң кенен жеринде 12 км, бийикт. 1450– 1700 м. Орто бөлүгү түзөң, батышы кашаттуу түздүк (кашаттардын бийикт. 50–80 м). Неги­зинен плейстоцендин шиленди (аллювий, про­лювий) тегинен турат. Жогорку бөлүгү кууш­тап Ак-Түз капчыгайына өтөт. Климаты конти­ненттик (к. Чүй ойдуңу), жайы жылуу, кышы анча катаал эмес. Кичи Кемин суусу агат. Топу­рагы кара күрөң келип, талаа өсүмдүктөрү ба­сымдуу. Тоо беткей тулаң чөп ж-а шалбаалуу талаа, шалбаалуу бадал токой ландшафттары кезигет. Өрөөндүн таманы айдоо аянтына ай­ланган. Дан эгин, кызылча, картөшкө эгилет.
Өрөөндө Боролдой, Ильич, Жаңы-Жол, Кичи Кемин, Кара-Булак, Бейшеке кыш., Ак-Түз шаарчасы жайгашкан. Өрөөн аркылуу Бишкек – Ак-Түз автомобиль жолу өтөт.