КИЧИ КАРА-КУЖУР (ОТТУК) ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КИЧИ КАРА-КУЖУР (ОТТУК) ӨРӨӨНҮ Ортоң­ку Нарын ойдуңунун түн. тарабында, Кичи Кара- Кужур (Оттук) суусунун алабында жайгашкан. Нарын р-нунун аймагында. Уз. 50 км. Деңиз деңг. бийикт. 2200–3000 м. Жогорку бөлүгүндө тай­пак грабен өрөөнү; Ак-Таш тоосу м-н Байдулу тоосунун аралыгында кеңдик багытта созулуп жатат (уз. 15 км); капталдары улам жогорула­ган сайын (чыгышка) айдөш болуп кетет; башы жапыз кайкы аркылуу Солтон-Сары өрөөнү (Он- Арчанын алабы) м-н туташат. Долон ашуусу тушта Байдулу тоосун кесип өткөн антецедент­тик капчыгай (уз. 5 км). Кара-Үңкүр айылынан төмөн өрөөн (уз. 20 кмге жакын) бир аз кеңийт (500–600 мге чейин). Төмөн жагында (3 км ара­лыкта) капталдары тик, таманы кууш (100– 150 м) антецеденттик өткөөл капчыгайды пай­да кылат. Андан төмөн (10 км аралыкта) тоо этегине чыгат да бир аз кеңейип (500–800 мге чейин), адырлуу тилкеге өтөт. Климаты мелүүн континенттик, январдын орт. темп-расы –12°С, июлдуку 11°С. Жылдык жаан-чачыны 350 мм. Суулары: Оттук, Он-Арча ж. б. Негизинен та­лаа ж-а шалбаалуу талаа, бадалдуу карагай то­кою, субальп, альп шалбаалуу талаа, чөл ланд­шафты басымдуу. Жайыт, чөп чабынды; тө­мөнкү бөлүгүндө арпа, тоют өсүмдүктөрү айда­лат. Өрөөндө Оттук, Казан-Куйган, Кара-Үңкүр кыш. жайгашкан. Бишкек – Торугарт автомо­биль жолу өтөт.