КИЧИ АЗИЯ ТАЙПАК ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КИЧИ А́ЗИЯ ТАЙПАК ТООСУ Кичи Азия ж. а-нан орун алган, Түркияда. Уз. 1200 кмдей, туурасы 600 кмге чейин. Басымдуу бийикт. 800– 1500 м. Ички бөлүгүн Анадолу бөксө тоосу, түндүгүн Понт тоолору, түштүгүн Тавр тооло­ру ээлейт. Эң бийик жери 3916 м (Эржияс жа­нартоосу). Чыгышынан Армян тайпак тоосуна, батышында Кичи Азия ж. а-нын батыш бөлү­гүндөгү кырка тоолорго өтөт. Ички аймакта­рында жарым чөл ж-а талаа өсүмдүктөрү ба­сымдуу, тоолордун сыртка караган капталда­рында токой ж-а жер ортолук деңиздик бадал­дар өсөт.