КИТ СЫМАЛДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КИТ СЫМАЛДАР (Сetacea) – сууда жашоочу сүт эмүүчүлөр түркүмү. К. с-дын дене уз. 1,1 мден 33 мге, салмагы 30 кгдан 150 т га чейин жетет. Дайыма сууда жашоого ыңгайланышкан. Дене­си сүйрү, кош калактуу куйругу түз (горизон­талдуу). Тери астындагы май катмары калың, жылуулукту сактайт. Жүнү, тери бездери, арт­кы буттары ж-а жамбашы жоголуп кеткен (ре­дукцияланган). Типтүү жыт билүү органы жок, бирок хеморецепциясы ж-а угуусу жакшы өөрчүгөн. Алдыңкы буттары – көкүрөк сүзгүч­төрү же калакчалары жалпак, 4–5 манжалуу.
Мурун тешиги бирөө же экөө, төбөсүндө жай­гашкан, дем алууда ж-а дем чыгарууда гана ачы­лат, көзү кичине, жаш бездери жок. Азыгын бүтүн бойдон жутат. Шилекей бездери жок. Ка­рыны татаал, 8–14 бөлүмдөн турат. 2 түркүмчөсү (муруту чоң ж-а тиштүү киттер) белгилүү. Му­рутчан ж-а тишсиз К. с-дын 3 тукуму (жылма киттер, чаар киттер ж-а боз киттер), тиштүү К. с-дын 4 тукуму (кашалоттор, тумшуктуу кит­тер, дельфиндер ж-а дарыя дельфиндери), 38 уруусу, 80ге жакын түрү бар. КМШ өлкөлөрүнүн сууларында 25 уруусу, 32 түрү кездешет. Алар Арктикадан Антарктикага чейинки дүйнө океан-

Кит сымалдар: 1 – гренландия кити; 2 – боз кит; 3 – бүкүр кит; 4 – кичине темгил кит.

дарында тараган. Булчуңдарында миоглобиндин болушу, кычкылтек резервин түзүүгө ж-а суу ас­тында узакка чейин болууга (бир сааттан ашык) мүмкүндүк берет. Айрымдары жер ооп жашайт – жайында муздак сууда семирет (май топтойт), ал эми кышында жылуу сууда көбөйөт. Жер которгону белгилөө же эн салуу м-н аныкта­лат. Муруттуу киттердин 5–10 миң км аралык­ка барып, бирок ар качан экватордон ары өтпө­гөндүгүн ж-а жыл сайын ошол эле аймакка кай­та келери аныкталган. Тиштүү киттер – балык­тар, баш буттуу моллюскалар м-н, муруттуу кит­тер негизинен планктон, рак сымалдар м-н азык­танат. Көбүнчө моногамдар. 2–6 жашында жы­ныстык жактан жетилет. Көпчүлүгү 1 жылга жакын көтөрүп, 2 жылда бир жолу бирден тууйт. Ургаачысынын жыныс жылчыгынын каптал жагында 2 упчусу болот. Атайын бул­чуңдардын жыйрылуусу м-н сүт баласынын оозу­на бүркүлөт. Баласын сүт м-н 4 айдан (майда дельфиндер) 1 жылга чейин (кашалоттор) ба­гат. 30–50 жыл жашайт. Көпчүлүк К. с-дын саны азайып, көптөгөн популяциялары (өзгөчө чоң киттердин) жоголуп кетүү чегинде болгон­дуктан, 18 түрү ж-а 1 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.