КИТЕПКАНА КАТАЛОГУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:36, 13 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КИТЕПКАНА КАТАЛОГУ – китептердин китепканалардагы тизмеси. К. к. китеп казынасында кандай китептер бар экенин тактап билүүгө, аларды тандап окууга көмөк берет. К. к. китеп окуучу ж-а жумушчу деп экиге бөлүнөт: окурман өзү издеген китеп кайсы жерде жайгашканын сурап алат ж-а китепканадагы бардык китептердин тизмеси кирет. Материалдардын бөлүнүшүнө жараша каталогдор системалык ж-а предметтик, алфавиттик, номерлүү ж. б. болуп ажыратылат. С и с т е м а л ы к ж-а п р е д м е тт и к каталогдо китептерге жазылган карточкалар илимдин тармактары б-ча бөлүнүп, алфавит тартибинде жайгашат. А л ф а в и т т и к каталогдогу карточкалар китеп авторлорунун атыжөнү ж-а китептин өзүнүн аталышы алфавит тартибинде берилет, н о м е р л ү ү каталогдо карточкалар китепке берилген номерлер б-ча орун ээлейт. Кырг-ндын респ., обл., шаардык ж-а райондук китепканаларында алфавиттик ж-а системалык К. к. уюштурулган.