КВАЛИФИКАЦИЯ (мыйзамдуу белгилер менен аныктоо): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

04:55, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КВАЛИФИКА́ЦИЯ – коомго каршы келген кор­кунучтуу жосундун белгилерин мыйзамда ка­ралган кылмыш белгилери м-н аныктоо. Жаза кодексинин теориясында квалификация расмий (легалдуу) ж-а расмий эмес (доктриналык) түргө бөлүнөт. Расмий квалификацияны жаза кодексинин чегинде жаза иштери боюнча тергөөчү, прокурор, судья (сот), ал эми расмий эмес квалификацияны бардык жарандар жүргүзө алат. Буга гезит, журнал ж-а китепте келти­рилген кылмыштар кирип, ал адамдын укук­тук көз карашын, оюн билдирет ж-а юридикалык күчкө ээ болбойт. Коомго коркунуч туудурган жосун­ду квалификациялоодо жаза кодексинин статья, бөлүм пункттары толук көрсөтүлүшү керек. Эгер кыл­мышка шериктеш болуу м-н аткарылып же аягына жетпеген кылмыш болсо, жаза кодек­синде каралган башка статьяларында көрсө­түлөт.

К. А. Бодобаев.