КАЧЫБЕК Шераалы уулу: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

05:18, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КАЧЫБЕК Шераалы уулу (18-кылымдын аягы – 19-кылымдын 60-жылдары) – 19-кылымдын башында ысык­көлдүк кыргыздардын атынан Россияга барган элчилердин (к. Жакыпбек Ниязбек уулу) бири.

Качыбек Шераалы уулу сый­ланган медаль.

Бугу уруусунан (белек) чык­кан ж-а аларды Россия им­периясынын букаралыгына өтүү үчүн демилгечилерден болгон. Алгач элчиликке бар­ганда орустар м-н кызматта­шууга даяр экенин билди­рип, капитан чини ж-а Анна тасмасындагы алтын медаль м-н сыйланган. 1854-жылы сен­тябрда Боромбай Меңмурат уулунун атынан кайрадан Омск шаарына барып, бугу уруусу Россия­нын курамына өтүүгө даяр экенин билдирген. 1855-жылы 17-январда Россия империясынын ку­рамына киргенин ырастап, бугу кыргыздары­нын атынан ант берген. Бул үчүн майор чинин алып, 1858-жылы бугу уруусунун улук манабы бо­луп дайындалган.

Ад.: Өмүрбеков Т. Улуу инсандардын Кыргызстан­дын тарыхындагы ролу жана орду (XIX кылымдын ортосу – XX кылымдын башы). Б., 2005; Хасанов А. Из­бранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.; М., 2004.