КАТМАНДУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАТМАНДУ́ – </b>Непал Королдугунун борбору (1769-жылдан), шаар. Катманду анчолунун (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Гималайдын тоо аралык өрөөнүндө, Жомолунгма (Эверест, 8848 <i>м</i>) чокусуна жакын жайгашкан. Калкы 911,1 миң (2009; агломерациясында 1,6 млн). | <b type='title'>КАТМАНДУ́ – </b>Непал Королдугунун борбору (1769-жылдан), шаар. Катманду анчолунун (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Гималайдын тоо аралык өрөөнүндө, Жомолунгма (Эверест, 8848 <i>м</i>) чокусуна жакын жайгашкан. Калкы 911,1 миң (2009; агломерациясында 1,6 млн). | ||
[[File:КАТМАНДУ64.png | thumb | Катмандуга жакын жердеги дүйнөдөгү эң ири будда пагодасы.]] | [[File:КАТМАНДУ64.png | thumb | Катмандуга жакын жердеги дүйнөдөгү эң ири будда пагодасы.]] | ||
Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Катмандуну 723-жылы Непал монархы Гунакамадев негиздеп, Лалитпурдан борборду көчүрүп келген. Алгач Кантипур деп аталган. Шаардын негизги бөлү­гүндө XVII–XVIII кылымдардын мүнөздөрү сакталган. Борбордук бөлүгүндө классицизм стилиндеги Нараянхити-Дарбар король ак сарайы (XX кылымдын башы), Катх-Мандир жыгач пагодасы (1596), Бхимсен муна­расы (1825) жана башка ак сарайлар жана «Хануман Дхока» (XV–XVIII кылымдар), Пашупатинатх (XIII кылым) храм­дар комплекси, неоклассика стилиндеги ак са­райлар (XX кылымдын башы) жаана башкалар бар. Катманду өрөөнүнүн архитектуралык эстеликтери (800дөн ашык) <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тизмесине кирги­зилген. Шаарда көптөгөн кустардык көркөм өнөрканалар (зер жана жасалга-колдонмо өнөр буюмдары, карапа; килем токуу), жеңил [булгаары–бут-кийим, текстиль (кебез кездеме), жут жана кийим тигүү], тамак-аш (кант), фармацев­тика (дары чөптөрдүн негизинде), курулуш ма­териалдар (цемент, кыш, черепица) өнөр жай ишка­налары иштейт. | Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Катмандуну 723-жылы Непал монархы Гунакамадев негиздеп, Лалитпурдан борборду көчүрүп келген. Алгач Кантипур деп аталган. Шаардын негизги бөлү­гүндө XVII–XVIII кылымдардын мүнөздөрү сакталган. Борбордук бөлүгүндө классицизм стилиндеги Нараянхити-Дарбар король ак сарайы (XX кылымдын башы), Катх-Мандир жыгач пагодасы (1596), Бхимсен муна­расы (1825) жана башка ак сарайлар жана «Хануман Дхока» (XV–XVIII кылымдар), Пашупатинатх (XIII кылым) храм­дар комплекси, неоклассика стилиндеги ак са­райлар (XX кылымдын башы) жаана башкалар бар. Катманду өрөөнүнүн архитектуралык эстеликтери (800дөн ашык) <i>Бүткүл дүйнөлүк мурастын</i> тизмесине кирги­зилген. Шаарда көптөгөн кустардык көркөм өнөрканалар (зер жана жасалга-колдонмо өнөр буюмдары, карапа; килем токуу), жеңил [булгаары–бут-кийим, текстиль (кебез кездеме), жут жана кийим тигүү], тамак-аш (кант), фармацев­тика (дары чөптөрдүн негизинде), курулуш ма­териалдар (цемент, кыш, черепица) өнөр жай ишка­налары иштейт. | ||
Катманду – өлкөнүн ири маданий | Катманду – өлкөнүн ири маданий жана илимий борбору. Король академиясы, университеттер, кол­леждер, китепканалар (анын ичинде ири «Бир лайбре­ри», XIV кылым; байыркы миниатюралуу кол жазма­лар топтому, китеп сакталуучу жайында непал, невари, санскрит жана башка тилдердеги 15 миңден ашык кол жазмалар сакталып турат (пальма жалбырагына жазылган эң байыркы кол жаз­мага 1600 жыл), музейлер (анын ичинде улуттук, нумизматика), театр бар. Буддисттердин диний борбору. Катмандуда орто кылымдын курулуштары сак­талып, кыш менен жыгачтан салынган 2–3 ка­баттуу үйлөр менен кууш көчөлөр басымдуу. Шаар­дын борбордук бөлүгүндө Тундикхел аянты, андан алыс эмес Непал королдорунун Нараянхити-Дарбар ак сарайы жайгашкан. Шаар жер ти­тирөөдөн (өтө катуу 1833, 1934) жабыркаган.<br>Катманду – туризмдин дүйнөлүк борборлорунун бири.<br>Театр фестивалдары, Түштүк Азия оюндары (1984, 1999) өткөрүлүп турат. Катмандунун чет жакасынан мармар казылып алынат. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
04:48, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАТМАНДУ́ – Непал Королдугунун борбору (1769-жылдан), шаар. Катманду анчолунун (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Гималайдын тоо аралык өрөөнүндө, Жомолунгма (Эверест, 8848 м) чокусуна жакын жайгашкан. Калкы 911,1 миң (2009; агломерациясында 1,6 млн).

Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Катмандуну 723-жылы Непал монархы Гунакамадев негиздеп, Лалитпурдан борборду көчүрүп келген. Алгач Кантипур деп аталган. Шаардын негизги бөлүгүндө XVII–XVIII кылымдардын мүнөздөрү сакталган. Борбордук бөлүгүндө классицизм стилиндеги Нараянхити-Дарбар король ак сарайы (XX кылымдын башы), Катх-Мандир жыгач пагодасы (1596), Бхимсен мунарасы (1825) жана башка ак сарайлар жана «Хануман Дхока» (XV–XVIII кылымдар), Пашупатинатх (XIII кылым) храмдар комплекси, неоклассика стилиндеги ак сарайлар (XX кылымдын башы) жаана башкалар бар. Катманду өрөөнүнүн архитектуралык эстеликтери (800дөн ашык) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Шаарда көптөгөн кустардык көркөм өнөрканалар (зер жана жасалга-колдонмо өнөр буюмдары, карапа; килем токуу), жеңил [булгаары–бут-кийим, текстиль (кебез кездеме), жут жана кийим тигүү], тамак-аш (кант), фармацевтика (дары чөптөрдүн негизинде), курулуш материалдар (цемент, кыш, черепица) өнөр жай ишканалары иштейт.
Катманду – өлкөнүн ири маданий жана илимий борбору. Король академиясы, университеттер, коллеждер, китепканалар (анын ичинде ири «Бир лайбрери», XIV кылым; байыркы миниатюралуу кол жазмалар топтому, китеп сакталуучу жайында непал, невари, санскрит жана башка тилдердеги 15 миңден ашык кол жазмалар сакталып турат (пальма жалбырагына жазылган эң байыркы кол жазмага 1600 жыл), музейлер (анын ичинде улуттук, нумизматика), театр бар. Буддисттердин диний борбору. Катмандуда орто кылымдын курулуштары сакталып, кыш менен жыгачтан салынган 2–3 кабаттуу үйлөр менен кууш көчөлөр басымдуу. Шаардын борбордук бөлүгүндө Тундикхел аянты, андан алыс эмес Непал королдорунун Нараянхити-Дарбар ак сарайы жайгашкан. Шаар жер титирөөдөн (өтө катуу 1833, 1934) жабыркаган.
Катманду – туризмдин дүйнөлүк борборлорунун бири.
Театр фестивалдары, Түштүк Азия оюндары (1984, 1999) өткөрүлүп турат. Катмандунун чет жакасынан мармар казылып алынат.