КАТАЛИЗАТОРЛОР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАТАЛИЗАТОРЛОР</b> – реакция учурунда сарп­талбаган, бирок анын ылдамдыгын өзгөртүүчү заттар. | <b type='title'>КАТАЛИЗАТОРЛОР</b> – реакция учурунда сарп­талбаган, бирок анын ылдамдыгын өзгөртүүчү заттар. Катализаторлор химиялык аракеттенүүгө катышат, бирок баштапкы салмагын ж-а курамын калыбына келтире алат. Гомогендик реакцияларда процесс реакциялануучу көлөмдө жүрсө, гетерогендик реакцияларда катализаторлордун сырткы бетинде жүрөт. Катализаторлордун процесске тийгизген таасирин арттыруу үчүн аралаштыруу же ысытуу керек. Катализаторлордун бе­тинин аянтын көбөйтүш үчүн майдаланган, те­шиктүү такталарды, торчолорду колдонуу ың­гайлуу. Катализаторлордун активдүүлүгү – анын негизги мү­нөздөмөсү. Ал массанын, көлөмдүн концентраты же үстүңкү бетинин бирдиги м-н аныкталат. 1 <i>м</i><sup>2</sup> катализаторлордун үстүңкү бетине туура келген активдүүлүк өздүк катализатордук активдүүлүк деп аталат. Катализаторлор реакцияга тандама таасир этет. Мисалы, ар түр­дүү катализаторлорду пайдалануу м-н этил спиртинен түрдүү заттарды алууга болот. Катализаторлордун түрү көп. Кисло­та-негиздик реакцияларга: сууда эрүүчү кислота­лар, негиздер, катуу оксиддер, алюмосиликат­тар, галогендер, комплекстүү бирикмелер ж. б. кирет. Ал эми окистенүү-калыбына келүү реак­цияларында металлдар (М, Ni, Fе, Со ж. б.) ж-а алардын бирикмелери, оксиддер, сульфид­дер ж. б. колдонулат. | ||
үчүн аралаштыруу же ысытуу керек. | |||
үстүңкү бетинин бирдиги м-н аныкталат. 1 <i>м</i><sup>2</sup> | |||
өздүк катализатордук активдүүлүк деп аталат. | |||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
08:48, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КАТАЛИЗАТОРЛОР – реакция учурунда сарпталбаган, бирок анын ылдамдыгын өзгөртүүчү заттар. Катализаторлор химиялык аракеттенүүгө катышат, бирок баштапкы салмагын ж-а курамын калыбына келтире алат. Гомогендик реакцияларда процесс реакциялануучу көлөмдө жүрсө, гетерогендик реакцияларда катализаторлордун сырткы бетинде жүрөт. Катализаторлордун процесске тийгизген таасирин арттыруу үчүн аралаштыруу же ысытуу керек. Катализаторлордун бетинин аянтын көбөйтүш үчүн майдаланган, тешиктүү такталарды, торчолорду колдонуу ыңгайлуу. Катализаторлордун активдүүлүгү – анын негизги мүнөздөмөсү. Ал массанын, көлөмдүн концентраты же үстүңкү бетинин бирдиги м-н аныкталат. 1 м2 катализаторлордун үстүңкү бетине туура келген активдүүлүк өздүк катализатордук активдүүлүк деп аталат. Катализаторлор реакцияга тандама таасир этет. Мисалы, ар түрдүү катализаторлорду пайдалануу м-н этил спиртинен түрдүү заттарды алууга болот. Катализаторлордун түрү көп. Кислота-негиздик реакцияларга: сууда эрүүчү кислоталар, негиздер, катуу оксиддер, алюмосиликаттар, галогендер, комплекстүү бирикмелер ж. б. кирет. Ал эми окистенүү-калыбына келүү реакцияларында металлдар (М, Ni, Fе, Со ж. б.) ж-а алардын бирикмелери, оксиддер, сульфиддер ж. б. колдонулат.