КАСПИЙ БОЮ ОЙДУҢУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КА́СПИЙ БОЮ ОЙДУҢУ</b> Каспий деңизинин | <b type='title'>КА́СПИЙ БОЮ ОЙДУҢУ</b> Каспий деңизинин түндүк жээгинде, Чыгыш Европа түздүгүнүн түштүк-чы­гышында ж-а Батыш Казакстандын аймагын­да жайгашкан. Аянты 200 миң <i>км</i><sup>2</sup>дей. Жапыз, түзөң рельефтүү, ички бөлүгү деңиз деңгээлинен 28 <i>м</i> төмөн жатат (Европанын эң чуңкур жери); чет­жакалары 100 <i>м</i>ге чейин көтөрүлөт. Туздуу дөңсөөлөр бар (эң бийик жери 149 <i>м</i>, Чоң Бог­до). Бэр дөбөлөрү (жарыш жаткан жал, дөбөлөр) мүнөздүү (Кума ж-а Эмба дарыяларынын чаттарында). Волга, Терек, Сулак дарыяларынын дельталарын, Урал, Эмба дарыяларынын төмөнкү агымдарын камтыйт. Чы­гыш Европа платформасынын синеклизасын ээлейт. Чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү басым­дуу. Нефть ж-а газ (Урал-Эмба нефть-газ бас­сейни) кендери бар; көлдөрүнөн (Эльтон, Бас­кунчак) кайнатма туз алынат. Астрахань кору­гу уюшулган. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
09:13, 8 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КА́СПИЙ БОЮ ОЙДУҢУ Каспий деңизинин түндүк жээгинде, Чыгыш Европа түздүгүнүн түштүк-чыгышында ж-а Батыш Казакстандын аймагында жайгашкан. Аянты 200 миң км2дей. Жапыз, түзөң рельефтүү, ички бөлүгү деңиз деңгээлинен 28 м төмөн жатат (Европанын эң чуңкур жери); четжакалары 100 мге чейин көтөрүлөт. Туздуу дөңсөөлөр бар (эң бийик жери 149 м, Чоң Богдо). Бэр дөбөлөрү (жарыш жаткан жал, дөбөлөр) мүнөздүү (Кума ж-а Эмба дарыяларынын чаттарында). Волга, Терек, Сулак дарыяларынын дельталарын, Урал, Эмба дарыяларынын төмөнкү агымдарын камтыйт. Чыгыш Европа платформасынын синеклизасын ээлейт. Чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү басымдуу. Нефть ж-а газ (Урал-Эмба нефть-газ бассейни) кендери бар; көлдөрүнөн (Эльтон, Баскунчак) кайнатма туз алынат. Астрахань коругу уюшулган.