КАРЫМШАКОВ Абдыкадыр: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

03:06, 8 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КАРЫМШАКОВ Абдыкадыр (1898, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Алмалы-Булак кыштагы – 1979, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры

(1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эм­гек жолун 1930-жылы Ош облусу­нун Сузак районундагы Алма­лы–Булак колхозунда кол­хозчу болуп иштөөдөн баш­таган. 1946-жылдан жыл­кычы болуп иштеген. Жыл­кы чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге же­тишип, 1948-жылы 50 бээден 50 кулун алып, аман асы­раган. 1947–51-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Сове­тинин депутаты. Ленин ордени м-н сыйланган.