БЕГЕЛДИНОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БЕГЕЛДИНОВ ''' (каз. Бигелдинов'')'' '''Талгат Якубекович''' [05. 08. 1922,  [[РСФСР]], [[Кыргыз АССРи]] (азыркы [[Казакстан]]), Акмоло облусу, Коргалжын району (каз. Қорғалжын ауданы), Майбалык айылы], – 10. 11. 2014, [[Казакстан Республикасы]], [[Алматы шаары]]) – учкуч, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры, Казакстан авиациясынын генерал-майору (1992). Анын балалык чагы [[Фрунзе шаары]]нда өткөн. 1938–1940-жылдары Фрунзедеги аэроклубду бүтүргөндөн кийин 1940-жылдан өз ыктыяры менен Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1942-жылы К. Е. Ворошилов атындагы атындагы биринчи учкучтардын Чкалов аскердик-авиация мектебин бүтүрүп, 19 жашында согуштук самолётту башкарууга укук алган. 1943-жылы январда 144-гвардиялык авиациялык полку менен Калинин фронтунда согушка катышып, он жолку жеӊиштүү учушу үчүн<br/>
'''БЕГЕЛДИНОВ ''' (каз. Бигелдинов'')'' '''Талгат Якубекович''' [05. 08. 1922,  [[РСФСР]], [[Кыргыз АССРи]] (азыркы [[Казакстан]]), Акмоло облусу, Коргалжын району (каз. Қорғалжын ауданы), Майбалык айылы], – 10. 11. 2014, [[Казакстан Республикасы]], [[Алматы шаары]]) – учкуч, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры, Казакстан авиациясынын генерал-майору (1992). Анын балалык чагы [[Фрунзе шаары]]нда өткөн. 1938–1940-жылдары Фрунзедеги аэроклубду бүтүргөндөн кийин 1940-жылдан өз ыктыяры менен Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1942-жылы К. Е. Ворошилов атындагы атындагы биринчи учкучтардын Чкалов аскердик-авиация мектебин бүтүрүп, 19 жашында согуштук самолётту башкарууга укук алган. 1943-жылы январда 144-гвардиялык авиациялык полку менен Калинин фронтунда согушка катышып, он жолку жеӊиштүү учушу үчүн<br/>
[[File:БЕГЕЛДИНОВ64.png | thumb | none]]1943-ж. апрелде 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен сыйланган. 1943-жылы жазында Бегелдинов өз полку менен Воронеж фронтунда фашисттерге кыйраткыч сокку уруп, абадагы чаалыкпас «мергенчи» аталат. 1943-жылы сентябрда Харьков салгылашууларындагы эрдиги үчүн Кызыл Туу орденин экинчи жолу алат. Украина үчүн болгон салгылашууларда, Молдавияны бошотууда өзгөчө эрдиктерди көрсөткөн. 1944-жылы ал эскадрильяга командалык кылган. Бегелдинов согушта 155 жолу абага учуп, душманды олуттуу жоготууларга учураткандыгы үчүн 1944-жылы 26-октябрда Советтер Союзунун Баатыры болот. 300дөн ашуун согуштук учуу жасап, абада көрсөткөн эрдиги үчүн Бегелдиновго 1945-жылы 27-июнда экинчи жолу Советтер  Союзунун Баатыры наамы ыйгарылат. Бегелдинов 1950-жылы Аскер-авиация академиясын бүтүрүп, полктун командиринин орун басары, штаб начальниги болуп иштеген. 1959-жылы Аскер кызматынан Казакстанга кетип, мамлекеттик кызматтарда болгон. СССР Жогорку Советинин 2–3-шайланышынын депутаты. 2 Ленин ордени, 2 Кызыл Туу, 1–2–3-даражадагы Ата Мекендик согуш, Александр Невский, Кызыл Жылдыз, 3-даражадагы Даӊк ордендери ж-а медалдар менен сыйланган. Бегелдинов – «305 рейдов» (Ф., 1966), «ИЛы атакуют», «Асмандагы беттешүү» (А.-Ата, 1966, 1967) мемуарларынын автору. Бишкек, Кокшетау (Көкчө-Тоо), Москва, Нур-Султан шаарларына бюсту коюлуп, Казакстанда 2 аскер окуу жайына, бир нече орто мектептерге, айрым шаар-кыштактардын көчөлөрүнө ысмы берилип, Талгат Бегелдинов жөнүндө фильмдер тартылган.
[[File:БЕГЕЛДИНОВ64.png | thumb | none]]1943-ж. апрелде 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен сыйланган. 1943-жылы жазында Бегелдинов өз полку менен Воронеж фронтунда фашисттерге кыйраткыч сокку уруп, абадагы чаалыкпас «мергенчи» аталат. 1943-жылы сентябрда Харьков салгылашууларындагы эрдиги үчүн Кызыл Туу орденин экинчи жолу алат. [[Украина]] үчүн болгон салгылашууларда, [[Молдавия]]ны бошотууда өзгөчө эрдиктерди көрсөткөн. 1944-жылы ал эскадрильяга командалык кылган. Т. Бегелдинов согушта 155 жолу абага учуп, душманды олуттуу жоготууларга учураткандыгы үчүн 1944-жылы 26-октябрда [[Советтер Союзунун Баатыры]] (алтын медалдын № 4619) наамы ыйгарылган. 300дөн ашуун согуштук учуу жасап, абада көрсөткөн эрдиги үчүн Бегелдиновго 1945-жылы 27-июнда экинчи жолу Советтер  Союзунун Баатыры наамына (алтын медалдын № 6554) татыктуу болгон. Т. Бегелдинов 1950-жылы Аскер-авиация академиясын бүтүрүп, полктун командиринин орун басары, штаб начальниги болуп иштеген. 1959-жылы Аскер кызматынан Казакстанга кетип, мамлекеттик кызматтарда болгон. СССР Жогорку Советинин 2–3-шайланышынын депутаты. 2 Ленин ордени, 2 Кызыл Туу, 1–2–3-даражадагы Ата Мекендик согуш, Александр Невский, Кызыл Жылдыз, 3-даражадагы Даӊк ордендери ж-а медалдар менен сыйланган. Бегелдинов – «305 рейдов» (Ф., 1966), «ИЛы атакуют», «Асмандагы беттешүү» (А.-Ата, 1966, 1967) мемуарларынын автору. Фрунзе (1948), Кокшетау (Көкчө-Тоо), Москва, Нур-Султан шаарларына бюсту коюлуп, Казакстанда 2 аскер окуу жайына, бир нече орто мектептерге, айрым шаар-кыштактардын көчөлөрүнө ысмы берилип, Талгат Бегелдинов жөнүндө фильмдер тартылган.
 
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:04, 3 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

БЕГЕЛДИНОВ (каз. Бигелдинов) Талгат Якубекович [05. 08. 1922, РСФСР, Кыргыз АССРи (азыркы Казакстан), Акмоло облусу, Коргалжын району (каз. Қорғалжын ауданы), Майбалык айылы], – 10. 11. 2014, Казакстан Республикасы, Алматы шаары) – учкуч, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры, Казакстан авиациясынын генерал-майору (1992). Анын балалык чагы Фрунзе шаарында өткөн. 1938–1940-жылдары Фрунзедеги аэроклубду бүтүргөндөн кийин 1940-жылдан өз ыктыяры менен Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1942-жылы К. Е. Ворошилов атындагы атындагы биринчи учкучтардын Чкалов аскердик-авиация мектебин бүтүрүп, 19 жашында согуштук самолётту башкарууга укук алган. 1943-жылы январда 144-гвардиялык авиациялык полку менен Калинин фронтунда согушка катышып, он жолку жеӊиштүү учушу үчүн

1943-ж. апрелде 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени менен сыйланган. 1943-жылы жазында Бегелдинов өз полку менен Воронеж фронтунда фашисттерге кыйраткыч сокку уруп, абадагы чаалыкпас «мергенчи» аталат. 1943-жылы сентябрда Харьков салгылашууларындагы эрдиги үчүн Кызыл Туу орденин экинчи жолу алат. Украина үчүн болгон салгылашууларда, Молдавияны бошотууда өзгөчө эрдиктерди көрсөткөн. 1944-жылы ал эскадрильяга командалык кылган. Т. Бегелдинов согушта 155 жолу абага учуп, душманды олуттуу жоготууларга учураткандыгы үчүн 1944-жылы 26-октябрда Советтер Союзунун Баатыры (алтын медалдын № 4619) наамы ыйгарылган. 300дөн ашуун согуштук учуу жасап, абада көрсөткөн эрдиги үчүн Бегелдиновго 1945-жылы 27-июнда экинчи жолу Советтер Союзунун Баатыры наамына (алтын медалдын № 6554) татыктуу болгон. Т. Бегелдинов 1950-жылы Аскер-авиация академиясын бүтүрүп, полктун командиринин орун басары, штаб начальниги болуп иштеген. 1959-жылы Аскер кызматынан Казакстанга кетип, мамлекеттик кызматтарда болгон. СССР Жогорку Советинин 2–3-шайланышынын депутаты. 2 Ленин ордени, 2 Кызыл Туу, 1–2–3-даражадагы Ата Мекендик согуш, Александр Невский, Кызыл Жылдыз, 3-даражадагы Даӊк ордендери ж-а медалдар менен сыйланган. Бегелдинов – «305 рейдов» (Ф., 1966), «ИЛы атакуют», «Асмандагы беттешүү» (А.-Ата, 1966, 1967) мемуарларынын автору. Фрунзе (1948), Кокшетау (Көкчө-Тоо), Москва, Нур-Султан шаарларына бюсту коюлуп, Казакстанда 2 аскер окуу жайына, бир нече орто мектептерге, айрым шаар-кыштактардын көчөлөрүнө ысмы берилип, Талгат Бегелдинов жөнүндө фильмдер тартылган.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.