КАРИКАТУРА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:КАРИКАТУРА9.png | thumb | Сүрөтчү М. Сыдыкбаев тарткан карикатура.]] | [[File:КАРИКАТУРА9.png | thumb | Сүрөтчү М. Сыдыкбаев тарткан карикатура.]] | ||
Жанрдын жаралышы Германиядагы | Жанрдын жаралышы Германиядагы дыйкан­дар согушу (1524–1526) менен байланыштуу. XVIII кылымда англис У. Хогарт карикатуранын ырааттуу өнүгүшүнө негиз түзгөн. Кыргызстанда А. Турумбеков, М. Па­милов, У. Осмоев сыяктуу карикатуристтер бар. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
05:28, 2 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРИКАТУ́РА (италянча caricatura– caricare – апыртуу дегенден) – адамдардын же турмуштук көрүнүштөрдүн терс жактарын ашкерелөө максатында шарж менен гротескти пайдалануу; көркөм типтештирүү ыкмасы. Карикатура – кең мааниде адам сымбатын, өңүн, кийимин апыртып, түрдүү нерселерге окшоштуруу менен күлкү келтирүү үчүн атайын тартылган сүрөт. Карикатура – тар мааниде сүрөт өнөрүнүн (айрыкча графиканын) бөтөнчө жанры; сын багыты айкын болгон сүрөт сатирасынын негизги формасы. Карикатура ыкмалары искусствонун түрдүү жанрларында (мисалы – плакатта, гезит же журнал графикасында) пайдаланылат.

Жанрдын жаралышы Германиядагы дыйкандар согушу (1524–1526) менен байланыштуу. XVIII кылымда англис У. Хогарт карикатуранын ырааттуу өнүгүшүнө негиз түзгөн. Кыргызстанда А. Турумбеков, М. Памилов, У. Осмоев сыяктуу карикатуристтер бар.