КАРАТОКО (бийик тоолуу аймак, кооз жер): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРАТОКО 1 to КАРАТОКО (бийик тоолуу аймак, кооз жер)) |
(Айырма жок)
| |
03:48, 27 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРАТОКО – Чаткал кырка тоосунун түндүк-чыгышында, Чаткал суусунун баш жагында жайгашкан бийик тоолуу аймак, кооз жер. Каратоко суусунун алабын бүт ээлейт. Эң жапыз жери – Чаткал суусунун бою, Каратоко суусунун чаты (2380 м, Жер-Көпүрө), эң бийик жери 4200– 4367 м (Чаткал кырка тоосунун кыры). Аймагына капчыгай, тепши сымал өрөөн, төр, ар түрдүү багыттагы тоо, аска, эшилме корум таштар, кар мөңгүлүү чокулар ж. б. мүнөздүү. Аймактын алгачкы турпаты палеозой заманында, өзгөчө герцинде пайда болгон. Акиташ тектери басымдуу. Фергана – Ат-Ойнок тектоникалык аймагына кирет. 1946-жылы катуу жер титирөө болгон. Мында мөңгүдөн пайда болгон 20дай майда,

бийик тоо көлү бар. Айрымдары агымы жок туюк көрүнөт. Алар суу байламталарынын арасы м-н сарыгып агат. Эң ириси Каратоко (Дубана) көлү, анын аянты 1,1 км2, көлөмү 49 млн м3; 2876 м бийикте жайгашкан. Түркүн чөптүү талаа, шалбаалуу талааларда бетеге, ак кылкан, шыбак, дүйүм чөп ж. б. өсөт. Каратоко суусунун өрөөнүндө, капчыгайларда көк карагай, арча (тоо боорунда жапалак арча), кайың, ар түрдүү бадал басымдуу. Бийик тоолуу бөлүгүндө субальп, альп шалбаасы, нивалдык-гляциалдык ландшафттар мүнөздүү. Каратоконун черлери, айрым көлдөрү, тоо ландшафттары ажайып кооз, корук болууга ылайык. Адабияттарда Кара- Теке деп да аталат. Бул жерге жылыга көп турист келип турат.