КИРОВ кыштагы, Ысык-Ата району: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Lera moved page КИРОВ 3 to КИРОВ кыштагы, Ысык-Ата району) |
(Айырма жок)
| |
05:18, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИ́РОВ – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Ак-Кудук айыл округуна караштуу. Кыргызстан машина сыноочу станциясынын аймагында, деңиз деңгээлинен 697 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 6 км түндүк тарапта. Кыштак 1927-жылы негизделген. Калкы 1681 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медициналык пункт бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү жана башкалар иштейт. Советтик коомдук ишмер С. М. Кировдун ысмынан аталган.