КИЙИМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КИЙИМ – </b>тышкы чөйрөнүн ар кандай жагым&shy;сыз таасирлеринен коргоочу буюмдардын (ич кийим, сырт кийим, баш кийим, бут кийим, кол кап ж. б.) жалпы аты. Турак жай м-н бир&shy;ге К. – адам тиричилигинин негизги каражат&shy;тарынын бири. Адамдын жан сактоого, ысык&shy;сууктан ж-а мех. таасирлерден коргонууга мук&shy;таж болушу К-дин келип чыгышын шарттаган. К-дин өөрчүшү адам эмгегинин, коомдук мами&shy;лелердин ж-а мад-ттын өнүгүшү м-н кошо жүргөн. Натыйжада К-ге болгон көркөм табит жаралган. Адам өзүнүн сымбатына сын көз м-н карап, дене-боюндагы кемчилигин К-дин түрү м-н оңдоого аракеттенет. Адамдар соңку <i>палео&shy;лит</i> доорунда эле айбан терисинен, куш кана&shy;тынан, чөптөн, дарак кабыгынан ж-а жалбы&shy;рагынан К. жасай баштаган. <i>Неолит</i> доорунда адамдар өсүмдүк булаларынан жип ийрүү, өрүү, таар сымал одоно буюм токуу өнөрүн үйрөнгөн. Дыйканчылык м-н мал чарбачылыкка өтүү зы&shy;гыр, пахта, жут, кендир өңдүү өсүмдүктөрдүн булаларын ж-а мал жүнүн К-дик материал жа&shy;соо үчүн иштетүүгө мүмкүндүк берген. Бара-бара мата (кездеме) К. жасалуучу негизги материал&shy;га айланган. Айрым элдер К-ди бычып-тигип кийишсе, кээ бирлери кездемени жөн гана дене-
<b type='title'>КИЙИМ – </b>тышкы чөйрөнүн ар кандай жагым&shy;сыз таасирлеринен коргоочу буюмдардын (ич кийим, сырт кийим, баш кийим, бут кийим, кол кап жана башкалар) жалпы аты. Турак жай менен бир&shy;ге кийим – адам тиричилигинин негизги каражат&shy;тарынын бири. Адамдын жан сактоого, ысык&shy;-сууктан жана механикалык таасирлерден коргонууга мук&shy;таж болушу кийимдин келип чыгышын шарттаган. Кийимдин өөрчүшү адам эмгегинин, коомдук мами&shy;лелердин жана маданияттын өнүгүшү менен кошо жүргөн. Натыйжада кийимге болгон көркөм табит жаралган. Адам өзүнүн сымбатына сын көз менен карап, дене-боюндагы кемчилигин кийимдин түрү менен оңдоого аракеттенет. Адамдар соңку <i>палео&shy;лит</i> доорунда эле айбан терисинен, куш кана&shy;тынан, чөптөн, дарак кабыгынан жана жалбы&shy;рагынан кийим жасай баштаган. <i>Неолит</i> доорунда адамдар өсүмдүк булаларынан жип ийрүү, өрүү, таар сымал одоно буюм токуу өнөрүн үйрөнгөн. Дыйканчылык менен мал чарбачылыкка өтүү зы&shy;гыр, пахта, жут, кендир өңдүү өсүмдүктөрдүн булаларын жана мал жүнүн кийимдик материал жа&shy;соо үчүн иштетүүгө мүмкүндүк берген. Бара-бара мата (кездеме) кийим жасалуучу негизги материал&shy;га айланган. Айрым элдер кийимди бычып-тигип кийишсе, кээ бирлери кездемени жөн гана денесине ороп-ороп алышкан.


 
Жашоо ыңгайына, климаттык жана табигый (асыресе жер) шарт&shy;тардын өзгөчөлүгүнө жараша көчмөндөрдө, дый&shy;кандарда, тропиктик, арктикалык, мелүүн ал&shy;кактарда жашагандарга кийимдин ар кандай түрлөрү жана комплекстери пайда болгон. Кайсы доордо кайсы мамлекеттин саясий кадыр-баркы ашса, анын бийлөөчүлөрү кийген кийим көп өлкөлөр үчүн үлгү болгон. Мисалы, XI–XIV кылымдарда Франциянын, XVI кылымдын 2-жарымынан Испаниянын, XVII кылымдын 2-жарымынан кайрадан Франциянын кийим мода&shy;лары Батыш Европада үстөмдүк кылган. XVIII  кылымдын аягында Француз буржуазиялык революциясынын таа&shy;сири менен Францияда сөөлөттүү жана кымбат кийимдер бир кыйла демократташып, андан ары кийим бара-бара жөнөкөйлөшө берген. Натыйжада Батыш Европада иштелип чыккан кийим модалары дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тарала баштаган. Жеңил өнөр жайдын, токуу өнөрүнүн жана жасалма кездемелердин тынымсыз өсүшү кийим модасынын айрыкча аялдар кийиминин тез-тез өзгөрүп, жаңы&shy;ланып жакшырып турушун шарттады. Кийимди конструкциялоо жана моделдөө өз алдынча өнөргө айланды. Кийимдин өзгөчөлөнүшүнө адамдын жы&shy;ныстык жана курактык белгилери, үй-бүлөдөгү жана жамааттагы абалы, уруулук жана таптык айырмачылыгы да таасир тийгизген. Түрүнө жараша кийим ич жана сырт кийим, <i>баш кийим, бут кийим</i> деп, ал эми тиричиликтеги милдетине жараша к ү н д ө л ү к (иш, малтабар) кийим, м а й &shy;р а м д ы к (сый, дем алыш жана башкалар) кийим, к а а д а&shy;-с а л т т ы к (нике тоюнда, аза күткөндө ки&shy;йилүүчү жана башкалар) кийим, а т а й ы н (өндүрүштүк) кийим, ф о р м а (аскерлердин, темир жолчулардын жана башкалардын) кийим, с п о р т т у к кийим жана башка фасондорго жана түрлөргө бөлүнө баштаган. Саймачылыктын, кол өнөрчүлүктүн өөрчүшү кийимдин көркөмдүк жагын арттырууга кызмат кылган. Калктар менен улут&shy;тардын калыптанышы улуттук (элдик) кийимдин жаралышына алып келген. Улуттук кийимдер эл&shy;ден элге ооп, бири бирине таасир тийгизип, бел&shy;гилүү бир аймакка (регионго) тиешелүү кийим ком&shy;плекси иштелип чыккан. Улуттук кийимден кара&shy;пайым элдин нускалуу салттары, тапкычтыгы, эстетикалык умтулуулары, көркөм табити, сай&shy;мачылык жана башка өнөрү айкын көрүнөт. Улуттук кийим улам өзгөрүп, жаңыланып турат, улут&shy;тук колоритти сактап, элди башкаларда өзгөчөлөп турат, к. <i type="ref">Кыргыздын улуттук ки&shy;йимдери.</i>
 
сине ороп-ороп алышкан. Жашоо ыңгайына, климаттык ж-а табигый (асыресе жер) шарт&shy;тардын өзгөчөлүгүнө жараша көчмөндөрдө, дый&shy;кандарда, тропиктик, арктикалык, мелүүн ал&shy;кактарда жашагандарга К-дин ар кандай түрлөрү ж-а комплекстери пайда болгон. Кайсы доордо кайсы мамлекеттин саясий кадыр-баркы ашса, анын бийлөөчүлөрү кийген К. көп өлкөлөр үчүн
үлгү болгон. Мис., 11–14-к-да Франциянын, 16-
к-дын 2-жарымынан Испаниянын, 17-к-дын 2-жарымынан кайрадан Франциянын К. мода&shy;лары Батыш Европада үстөмдүк кылган. 18- к-дын аягында Француз бурж. рев-ясынын таа&shy;сири м-н Францияда сөөлөттүү ж-а кымбат К-дер бир кыйла демократташып, андан ары К. бара-бара жөнөкөйлөшө берген. Натыйжада Батыш Европада иштелип чыккан К. модала&shy;ры дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тарала баштаган. Жеңил ө. ж-дын, токуу өнөрүнүн ж-а жасалма кездемелердин тынымсыз өсүшү К. модасынын айрыкча аялдар К-инин тез-тез өзгөрүп, жаңы&shy;ланып жакшырып турушун шарттады. К-ди констр-лоо ж-а моделдөө өз алдынча өнөргө айланды. К-дин өзгөчөлөнүшүнө адамдын жы&shy;ныстык ж-а курактык белгилери, үй-бүлөдөгү ж-а жамааттагы абалы, уруулук ж-а таптык айырмачылыгы да таасир тийгизген. Түрүнө жараша К. ич ж-а сырт К., <i>баш кийим, бут кийим</i> деп, ал эми тиричиликтеги милдетине жараша к ү н д ө л ү к (иш, малтабар) К., м а й&shy;р а м д ы к (сый, дем алыш ж. б.) К., к а а д а&shy;с а л т т ы к (нике тоюнда, аза күткөндө ки&shy;йилүүчү ж. б.) К., а т а й ы н (өндүрүштүк) К., ф о р м а (аскерлердин, т. ж-чулардын ж. б.) К., с п о р т т у к К. ж. б. фасондорго ж-а түрлөргө бөлүнө баштаган. Саймачылыктын, кол
өнөрчүлүктүн өөрчүшү К-дин көркөмдүк жагын
арттырууга кызмат кылган. Калктар м-н улут&shy;тардын калыптанышы улуттук (элдик) К-дин жаралышына алып келген. Улуттук К-дер эл&shy;ден элге ооп, бири бирине таасир тийгизип, бел&shy;гилүү бир аймакка (регионго) тиешелүү К. ком&shy;плекси иштелип чыккан. Улуттук К-ден кара&shy;пайым элдин нускалуу салттары, тапкычтыгы, эстетикалык умтулуулары, көркөм табити, сай&shy;мачылык ж. б. өнөрү айкын көрүнөт. Улуттук кийим улам өзгөрүп, жаңыланып турат, улут&shy;тук колори тти сактап, элди б ашкалардан
өзгөчөлөп турат, к. <i type='ref'>Кыргыздын улуттук ки&shy;йимдери.</i>
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]
[[Категория:4-том, 257-306 бб]]

05:14, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИЙИМ – тышкы чөйрөнүн ар кандай жагым­сыз таасирлеринен коргоочу буюмдардын (ич кийим, сырт кийим, баш кийим, бут кийим, кол кап жана башкалар) жалпы аты. Турак жай менен бир­ге кийим – адам тиричилигинин негизги каражат­тарынын бири. Адамдын жан сактоого, ысык­-сууктан жана механикалык таасирлерден коргонууга мук­таж болушу кийимдин келип чыгышын шарттаган. Кийимдин өөрчүшү адам эмгегинин, коомдук мами­лелердин жана маданияттын өнүгүшү менен кошо жүргөн. Натыйжада кийимге болгон көркөм табит жаралган. Адам өзүнүн сымбатына сын көз менен карап, дене-боюндагы кемчилигин кийимдин түрү менен оңдоого аракеттенет. Адамдар соңку палео­лит доорунда эле айбан терисинен, куш кана­тынан, чөптөн, дарак кабыгынан жана жалбы­рагынан кийим жасай баштаган. Неолит доорунда адамдар өсүмдүк булаларынан жип ийрүү, өрүү, таар сымал одоно буюм токуу өнөрүн үйрөнгөн. Дыйканчылык менен мал чарбачылыкка өтүү зы­гыр, пахта, жут, кендир өңдүү өсүмдүктөрдүн булаларын жана мал жүнүн кийимдик материал жа­соо үчүн иштетүүгө мүмкүндүк берген. Бара-бара мата (кездеме) кийим жасалуучу негизги материал­га айланган. Айрым элдер кийимди бычып-тигип кийишсе, кээ бирлери кездемени жөн гана денесине ороп-ороп алышкан.

Жашоо ыңгайына, климаттык жана табигый (асыресе жер) шарт­тардын өзгөчөлүгүнө жараша көчмөндөрдө, дый­кандарда, тропиктик, арктикалык, мелүүн ал­кактарда жашагандарга кийимдин ар кандай түрлөрү жана комплекстери пайда болгон. Кайсы доордо кайсы мамлекеттин саясий кадыр-баркы ашса, анын бийлөөчүлөрү кийген кийим көп өлкөлөр үчүн үлгү болгон. Мисалы, XI–XIV кылымдарда Франциянын, XVI кылымдын 2-жарымынан Испаниянын, XVII кылымдын 2-жарымынан кайрадан Франциянын кийим мода­лары Батыш Европада үстөмдүк кылган. XVIII кылымдын аягында Француз буржуазиялык революциясынын таа­сири менен Францияда сөөлөттүү жана кымбат кийимдер бир кыйла демократташып, андан ары кийим бара-бара жөнөкөйлөшө берген. Натыйжада Батыш Европада иштелип чыккан кийим модалары дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тарала баштаган. Жеңил өнөр жайдын, токуу өнөрүнүн жана жасалма кездемелердин тынымсыз өсүшү кийим модасынын айрыкча аялдар кийиминин тез-тез өзгөрүп, жаңы­ланып жакшырып турушун шарттады. Кийимди конструкциялоо жана моделдөө өз алдынча өнөргө айланды. Кийимдин өзгөчөлөнүшүнө адамдын жы­ныстык жана курактык белгилери, үй-бүлөдөгү жана жамааттагы абалы, уруулук жана таптык айырмачылыгы да таасир тийгизген. Түрүнө жараша кийим ич жана сырт кийим, баш кийим, бут кийим деп, ал эми тиричиликтеги милдетине жараша к ү н д ө л ү к (иш, малтабар) кийим, м а й ­р а м д ы к (сый, дем алыш жана башкалар) кийим, к а а д а­-с а л т т ы к (нике тоюнда, аза күткөндө ки­йилүүчү жана башкалар) кийим, а т а й ы н (өндүрүштүк) кийим, ф о р м а (аскерлердин, темир жолчулардын жана башкалардын) кийим, с п о р т т у к кийим жана башка фасондорго жана түрлөргө бөлүнө баштаган. Саймачылыктын, кол өнөрчүлүктүн өөрчүшү кийимдин көркөмдүк жагын арттырууга кызмат кылган. Калктар менен улут­тардын калыптанышы улуттук (элдик) кийимдин жаралышына алып келген. Улуттук кийимдер эл­ден элге ооп, бири бирине таасир тийгизип, бел­гилүү бир аймакка (регионго) тиешелүү кийим ком­плекси иштелип чыккан. Улуттук кийимден кара­пайым элдин нускалуу салттары, тапкычтыгы, эстетикалык умтулуулары, көркөм табити, сай­мачылык жана башка өнөрү айкын көрүнөт. Улуттук кийим улам өзгөрүп, жаңыланып турат, улут­тук колоритти сактап, элди башкаларда өзгөчөлөп турат, к. Кыргыздын улуттук ки­йимдери.