КИЙИЗБАЕВА Сайра: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera moved page КИЙИЗБАЕВА to КИЙИЗБАЕВА Сайра) |
(Айырма жок)
| |
04:56, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИЙИЗБАЕВА Сайра [7. 11. 1917, Пишпекке (азыр Бишкек шаары) жакын Төкөлдөш айылы – 10. 10. 1988, Фрунзе шаары] – опера ырчысы (лирика-драмалык сопрано). СССР эл артисти (1958). Чыгармачылыгын 1936-жылы Кыргыз музыкалык драма театрында ырчы болуп иштөөдөн баштаган. Биринчи жолу Земфиранын романсын (А. Верстовский, «Картаң к ү й ө ө – катаал күйөө», 1937) жана Ажардын (В. Власов, В. Фере, «Алтын кыз») ролун аткарган.

Нота үйрөнүп, профессионал театр өнөрүн өздөштүргөн кезде С. Кийизбаевага Айчүрөктүн (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Айчүрөк») ролу тапшырылып, аны 1939-жылы Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүндө ийгиликтүү аткарган. 1940-жылы Москвага окууга жиберилген, бирок согуш кедерги болуп, 1947–1949-жылдары гана Москва консерваториясынан билимин өркүндөтүүгө мүмкүндүк алган.

1942-жылы В. Власов жетектеген бригада менен фронт аралап концерт берген. 1943-жылы Татьянанын (П. Чайковский, «Евгений Онегин») ролун жогорку чеберчиликте аткарып, дасыккан ырчы катары таанылган. 1956-жылдан М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында окутуучу, 1967-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда кафедра башчысы, профессор, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын директору (1963–1965) болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат (2–6-шайланышынын). Анын профессионалдык илгерилөөсүн Күлайым (М. Раухвергер, «Көкүл»), Каныкей (В. Власов, А. Малдыбаев, «Жаш жүрөктөр»), Лиза, Наталья (П. Чайковский, «Карганын маткеси», «Опричник»), Наташа (А. Даргомыжский, «Суу периси»), Ярославна (А. Бородин, «Князь Игорь»), Тамара (А. Рубинштейн, «Демон»), Маргарита (Ш. Гуно, «Фауст») жана башка ролдордон көрүүгө болот.
Баттерфляйдын партиясын (Ж. Пуччини, «Чио-Чио-сан») 1953-жылы Москванын Чоң театрында орус тилинде аткарышы Кийизбаеваны союздук аренага тааныткан. С. Кийизбаева музыкалык комедияларда да чебер ойногон. Буга Одарканын (С. Гулак-Артёмовский, «Дунайдын аркы өйүзүндөгү запорожьелик»), Гүлчахранын (У. Гажибеков, «Аршин мал алан») жаркын образдары далил. Кийизбаева чет элдик композиторлордун ырларын, романстарын чебер аткаруучу катары да таанымал. Ал концерттик ишмердиги менен кыргыз музыкасын жайылтууга зор салым кошкон. Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Бишкек шаарындагы көчөгө ысмы берилген.