ДОНЕЦК: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДОНЕ́ЦК''' (1924-жылга чейин Юзовка, | '''ДОНЕ́ЦК''' (1924-жылга чейин Юзовка, 1929-жылга чейин Сталин, 61-жылга чейин Сталино) – Украинадагы шаар (1917-жылдан). Донецк облусунун административдик борбору. Кальмиус дарыясынын боюн­да, Донбасстын борбордук бөлүгүндө. Калкы 935 миң (2019). Темир жол тоому. Көмүр казып алынат. Кара жана түстүү металлургия, машина куруу (тоо-кен, металлургия ж. б. өнөр жайы үчүн жабдуу, муздат­кыч, кабель, велосипед ж. б.), химия (химиялык-реак­тив, пластмасса жана башка заводдору), кокс-химия, та­мак-аш–татымал, жеңил (анын ичинде кебез кездеме) өнөр жайы өнүккөн. Украина Илимдер академиясынын илимий борбору.<br>Беш жогорку окуу жайы (анын ичинде университет), 3 театр (анын ичинде опера жана балет театры), мекен таануу, көркөм сүрөт му­зейи бар. 1869-жылы негизделген. [[Категория:3-том, 86-170 бб]] | ||
09:21, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
ДОНЕ́ЦК (1924-жылга чейин Юзовка, 1929-жылга чейин Сталин, 61-жылга чейин Сталино) – Украинадагы шаар (1917-жылдан). Донецк облусунун административдик борбору. Кальмиус дарыясынын боюнда, Донбасстын борбордук бөлүгүндө. Калкы 935 миң (2019). Темир жол тоому. Көмүр казып алынат. Кара жана түстүү металлургия, машина куруу (тоо-кен, металлургия ж. б. өнөр жайы үчүн жабдуу, муздаткыч, кабель, велосипед ж. б.), химия (химиялык-реактив, пластмасса жана башка заводдору), кокс-химия, тамак-аш–татымал, жеңил (анын ичинде кебез кездеме) өнөр жайы өнүккөн. Украина Илимдер академиясынын илимий борбору.
Беш жогорку окуу жайы (анын ичинде университет), 3 театр (анын ичинде опера жана балет театры), мекен таануу, көркөм сүрөт музейи бар. 1869-жылы негизделген.