КАРА-КӨЛ (: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА-КӨЛ</b> – Жалал-Абад облусундагы шаар. Об­лустун борбору Жалал-Абад шаарынан 175 <i>км</i> түндүк-батыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекети­нен 78 <i>км</i>. 1962-жылы Токтогул ГЭСин куруучулар­дын шаарчасы катары негизделген. Шаар ста­тусун 1977-жылы 17-январда алган. Нарын дарыясынын сол өйүзүндө, Бишкек – Ош автомобиль жолу­нун жээгинде жайгашкан. Калкы | <b type='title'>КАРА-КӨЛ</b> – Жалал-Абад облусундагы шаар. Об­лустун борбору Жалал-Абад шаарынан 175 <i>км</i> түндүк-батыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекети­нен 78 <i>км</i>. 1962-жылы Токтогул ГЭСин куруучулар­дын шаарчасы катары негизделген. Шаар ста­тусун 1977-жылы 17-январда алган. Нарын дарыясынын сол өйүзүндө, Бишкек – Ош автомобиль жолу­нун жээгинде жайгашкан. Калкы 27,2 миң (2022); негизинен кыргыз (80%), орус (10%), өз­бек, татар, азербайжан, казак, армян, украин, ошондой эле башка улут өкүлдөрү да жашайт.<br>Азыркы шаар жайгашкан жер Ж а з ы-К е­ ч ү ү деп аталган. Малга жайлуу болгондуктан, жергиликтүү эл негизинен мал чарбачылык м-н тиричилик кылган. Айрым жерлерге жүгөрү, та­руу, шалы эгишкен. Совет бийлиги орногондон кийин колхоздоштуруу башталып, эки колхоз (Фрунзе ж-а Молотов) түзүлгөн. 50-жылдаары эл чарба­сын өнүктүрүү үчүн пахта өстүрүү колго алын­ган. Жазы-Кечүү кыштагынын калкы Ноокен районуна көчүрүлгөн. 1960-жылы Токтогул ГЭСинин курулу­шу башталган. 1962-жылдан баштап, турак-­жайлар курулуп, мектеп, үй жылытуучу буу казаны, тамактануу жайлары, медициналык мекемелер, мончо, байланыш бөлүмү ишке кирген. Кийин­ки жылы жалпы аянты 25 миң <i>м</i><sup>2 </sup>болгон ту­рак-жайлар, турмуш-тиричилик комбинаты, бала бакча, бейтапкана ж. б. бүткөрүлгөн.<br>Учурда Кара-Көл шаарында Токтогул ГЭСинин кеңсе­си, «Достук заводу», «Нарынгидроэнергиякуру­луш» (3000дей киши), «Гидромонтаж», «Аэро­дромкурулуш» ж. б. 12 АК иштейт. Түркиянын «Суусамыр–Интер», «Энтес», Ирандын «Кейсон», «Ирдопаз» жол реконструкциялоочу фирмала­ры м-н кызматташууда. «Кыргызгидроатайын­курулуш» АК Камбар-Ата, Таш-Көмүр, Шамал­ды-Сай ГЭСтеринде ж-а Өзбекстанда Резаккам­чик ашуусундагы туннелде, ал эми «Гидромон­таж» АК Үч-Коргон, Таш-Көмүр, Камбар-Ата, Ат-Башы ГЭСтеринде курулуш-монтаждоо иш­терин аткарган. Рыноктук экономиканын шар­тына өтүүдө бир топ реформалык иштер жүргү­зүлүп, натыйжада шаарда 4 кичи ишкана, 1 коо­перация, 117 жеке ишкер, 2 менчик ж-а 11 жоопкерчилиги чектелген дүкөн ишке киргизил­ген. «Ротор» кичи ишканасы 1996-жылы түзүлгөн, ал бөтөлкөлөр үчүн капкактарды чыгарат. «Нур­лан-Алко» ЖЧК алкоголдуу ичимдик чыгарат. «Кыргызтелеком» АКтын шаар ж-а эл аралык кварцтык телефон байланыш пункту (1999), базар (2000) пайдаланууга берилген. Шаар Биш­кек – Ош автомобиль жолунун боюнда жайгаш­кандыктан, Кыргызстандын бардык аймактары м-н үзгүлтүксүз байланышта. Шаарда 6 орто, 2 не­гизги, спорт ж-а музыкалык мектеп, балдардын чы­гармачыл үйү, 2 китепкана, 3 бала бакча, ошондой эле ЖАМУнун Кара-Көл инженердик факультети (1962-жылы ФПИнин даярдоо бөлүмү катары ачылып, 1963-жыл­дан техникалык факультети), кесиптик-техникалык окуу жайы, «Ка­йыңды» эс алуу лагери (600–800 бала), «Энерге­тик» спорт комплекси (200 орундуу), маданият үйү бар. Оорукана, 4 үй-бүлөлүк врачтар тобу, 2 төрөт үйү ж-а ФАП иштейт. | ||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
03:40, 18 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КАРА-КӨЛ – Жалал-Абад облусундагы шаар. Облустун борбору Жалал-Абад шаарынан 175 км түндүк-батыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 78 км. 1962-жылы Токтогул ГЭСин куруучулардын шаарчасы катары негизделген. Шаар статусун 1977-жылы 17-январда алган. Нарын дарыясынын сол өйүзүндө, Бишкек – Ош автомобиль жолунун жээгинде жайгашкан. Калкы 27,2 миң (2022); негизинен кыргыз (80%), орус (10%), өзбек, татар, азербайжан, казак, армян, украин, ошондой эле башка улут өкүлдөрү да жашайт.
Азыркы шаар жайгашкан жер Ж а з ы-К е ч ү ү деп аталган. Малга жайлуу болгондуктан, жергиликтүү эл негизинен мал чарбачылык м-н тиричилик кылган. Айрым жерлерге жүгөрү, таруу, шалы эгишкен. Совет бийлиги орногондон кийин колхоздоштуруу башталып, эки колхоз (Фрунзе ж-а Молотов) түзүлгөн. 50-жылдаары эл чарбасын өнүктүрүү үчүн пахта өстүрүү колго алынган. Жазы-Кечүү кыштагынын калкы Ноокен районуна көчүрүлгөн. 1960-жылы Токтогул ГЭСинин курулушу башталган. 1962-жылдан баштап, турак-жайлар курулуп, мектеп, үй жылытуучу буу казаны, тамактануу жайлары, медициналык мекемелер, мончо, байланыш бөлүмү ишке кирген. Кийинки жылы жалпы аянты 25 миң м2 болгон турак-жайлар, турмуш-тиричилик комбинаты, бала бакча, бейтапкана ж. б. бүткөрүлгөн.
Учурда Кара-Көл шаарында Токтогул ГЭСинин кеңсеси, «Достук заводу», «Нарынгидроэнергиякурулуш» (3000дей киши), «Гидромонтаж», «Аэродромкурулуш» ж. б. 12 АК иштейт. Түркиянын «Суусамыр–Интер», «Энтес», Ирандын «Кейсон», «Ирдопаз» жол реконструкциялоочу фирмалары м-н кызматташууда. «Кыргызгидроатайынкурулуш» АК Камбар-Ата, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ГЭСтеринде ж-а Өзбекстанда Резаккамчик ашуусундагы туннелде, ал эми «Гидромонтаж» АК Үч-Коргон, Таш-Көмүр, Камбар-Ата, Ат-Башы ГЭСтеринде курулуш-монтаждоо иштерин аткарган. Рыноктук экономиканын шартына өтүүдө бир топ реформалык иштер жүргүзүлүп, натыйжада шаарда 4 кичи ишкана, 1 кооперация, 117 жеке ишкер, 2 менчик ж-а 11 жоопкерчилиги чектелген дүкөн ишке киргизилген. «Ротор» кичи ишканасы 1996-жылы түзүлгөн, ал бөтөлкөлөр үчүн капкактарды чыгарат. «Нурлан-Алко» ЖЧК алкоголдуу ичимдик чыгарат. «Кыргызтелеком» АКтын шаар ж-а эл аралык кварцтык телефон байланыш пункту (1999), базар (2000) пайдаланууга берилген. Шаар Бишкек – Ош автомобиль жолунун боюнда жайгашкандыктан, Кыргызстандын бардык аймактары м-н үзгүлтүксүз байланышта. Шаарда 6 орто, 2 негизги, спорт ж-а музыкалык мектеп, балдардын чыгармачыл үйү, 2 китепкана, 3 бала бакча, ошондой эле ЖАМУнун Кара-Көл инженердик факультети (1962-жылы ФПИнин даярдоо бөлүмү катары ачылып, 1963-жылдан техникалык факультети), кесиптик-техникалык окуу жайы, «Кайыңды» эс алуу лагери (600–800 бала), «Энергетик» спорт комплекси (200 орундуу), маданият үйү бар. Оорукана, 4 үй-бүлөлүк врачтар тобу, 2 төрөт үйү ж-а ФАП иштейт.