КЕҢ-КОЛ МАДАНИЯТЫНЫН ЭСТЕЛИКТЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'> | <b type='title'>КЕҢ-КОЛ МАДАНИЯТЫНЫН ЭСТЕЛИКТЕРИ</b> – биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымындагы көч­мөн жана жарык көчмөн калктарга таандык ар­хеологиялык эстелик. Терминди илимге А. Н. Берн­штам киргизип, <i>Кең-Кол көрүстөнүнүн</i> атынан атаган. Эстеликке таандык мүрзөлөр дромос (өткөөл курулма) жана жарма көрдөн турганды­гы менен өзгөчөлөнөт. Өткөөл курулма тик бурч­туу жана узун келип, ага перпендикулярдуу жай­гашкан жарма көргө барып такалат. Андан көргө кирүүчү жери тегерек түрүндө болуп, ал жер таш такта же чийки кыш менен жабылган. Жарма көр сүйрү келип, өлчөмү кыйла чоң. Сөөк жерде, төшөлмө тактайда же жыгач табытка коюлган. Сөөк бирден, экиден, кээде топ-тобу менен көмүлгөн. | ||
– | |||
[[File:КЕҢКОЛ МАДАНИЯТЫНЫН ЭСТЕЛИКТЕРИ42.png | thumb | Кеңколдук. М. М. Герасимовдун ре­конструкциясы . Кең-Кол тибиндеги казанактуу көрүс­төндөн табылган карапа идиш.]] | |||
[[File:КЕҢКОЛ МАДАНИЯТЫНЫН ЭСТЕЛИКТЕРИ42.png | thumb | Кеңколдук. М. М. Герасимовдун ре­ | Сөөк менен кошо карапа жана жы­гач идиштер, жыгач отургучтар, темир бычак, бүлөө, жаргылчак, асем буюмдар, жаа, учу те­мир жебе, канжар, кылыч, зоот кийим, калкан жана башкалар табылган. Кең-Кол маданиятынын эстелигине тиешелүү көрүс­төндөргө коюлган адамдар антропол. жактан европеоид тибине кирип, бирок моңголоид белги­лери да бир топ болгон, көбүнүн баш сөөгү ата­йылап деформацияланганы байкалат. Кең-Кол маданиятына кирген уруулардын этностук табия­ты алигиче тактала элек. Бул маданиятка тиешелүү көрүстөндөр Талас, Кетмен-Төбө, Фергана, Чат­кал, Алай, Борбордук Теңир-Тоо, Чүй өрөөндөрүндө жана башка жерлерде кезигет. | ||
Ад.: <i>Кожомбердиев Ы.</i> Катакомбные памятники Таласской долины // Археологические памятники Таласской долины. Ф., 1963. | Ад.: <i>Кожомбердиев Ы.</i> Катакомбные памятники Таласской долины // Археологические памятники Таласской долины. Ф., 1963. | ||
[[Категория:4-том, 204-256 бб]] | [[Категория:4-том, 204-256 бб]] | ||
11:18, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕҢ-КОЛ МАДАНИЯТЫНЫН ЭСТЕЛИКТЕРИ – биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымындагы көчмөн жана жарык көчмөн калктарга таандык археологиялык эстелик. Терминди илимге А. Н. Бернштам киргизип, Кең-Кол көрүстөнүнүн атынан атаган. Эстеликке таандык мүрзөлөр дромос (өткөөл курулма) жана жарма көрдөн тургандыгы менен өзгөчөлөнөт. Өткөөл курулма тик бурчтуу жана узун келип, ага перпендикулярдуу жайгашкан жарма көргө барып такалат. Андан көргө кирүүчү жери тегерек түрүндө болуп, ал жер таш такта же чийки кыш менен жабылган. Жарма көр сүйрү келип, өлчөмү кыйла чоң. Сөөк жерде, төшөлмө тактайда же жыгач табытка коюлган. Сөөк бирден, экиден, кээде топ-тобу менен көмүлгөн.

Сөөк менен кошо карапа жана жыгач идиштер, жыгач отургучтар, темир бычак, бүлөө, жаргылчак, асем буюмдар, жаа, учу темир жебе, канжар, кылыч, зоот кийим, калкан жана башкалар табылган. Кең-Кол маданиятынын эстелигине тиешелүү көрүстөндөргө коюлган адамдар антропол. жактан европеоид тибине кирип, бирок моңголоид белгилери да бир топ болгон, көбүнүн баш сөөгү атайылап деформацияланганы байкалат. Кең-Кол маданиятына кирген уруулардын этностук табияты алигиче тактала элек. Бул маданиятка тиешелүү көрүстөндөр Талас, Кетмен-Төбө, Фергана, Чаткал, Алай, Борбордук Теңир-Тоо, Чүй өрөөндөрүндө жана башка жерлерде кезигет.
Ад.: Кожомбердиев Ы. Катакомбные памятники Таласской долины // Археологические памятники Таласской долины. Ф., 1963.