КЕҢ-КОЛ КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КЕҢКОЛ КӨРҮСТӨНҮ – </b>2–5-к-га таандык ар&shy;хеол. эстелик. Талас өрөөнүндө Кеңкол суусу&shy;нун сол өйүзүндөгү тектирде, Манас чокусунун түн.-чыгыш ж-а чыгыш жагында жайгашкан. 100гө жакын таш дөбө ж-а топурак дөбө кор&shy;гондордон турат. Соңку коло доорундагы кор-
<b type='title'>КЕҢ-КОЛ КӨРҮСТӨНҮ – II</b>–V к-га таандык ар&shy;хеол. эстелик. Талас өрөөнүндө Кеңкол суусу&shy;нун сол өйүзүндөгү тектирде, Манас чокусунун түндүк-чыгыш жана чыгыш жагында жайгашкан. 100гө жакын таш дөбө жана топурак дөбө кор&shy;гондордон турат. Соңку коло доорундагы  


[[File:КЕҢКОЛ КӨРҮСТӨНҮ41.png | thumb | none]]
[[File:КЕҢКОЛ КӨРҮСТӨНҮ41.png | thumb | none]]
гондор да бар. Таш-Дөбө коргондун диаметри 6– 15 <i>м</i>, бийикт. 0,3–1,2 <i>м</i>. Ал эми топурак дөбөнүн диаметри 8–12 <i>м</i>, бийикт. 0,5–1 <i>м</i>. Дөбөнүн ал&shy;дында дромос (өткөөл) ж-а жарма мүрзө жай&shy;гашкан. Өткөөл тик бурчтук формасында, уз.
коргондор да бар. Таш-Дөбө коргондун диаметри 6– 15 <i>м</i>, бийиктиги 0,3–1,2 <i>м</i>. Ал эми топурак дөбөнүн диаметри 8–12 <i>м</i>, бийиктиги 0,5–1 <i>м</i>. Дөбөнүн ал&shy;дында дромос (өткөөл) жана жарма мүрзө жай&shy;гашкан. Өткөөл тик бурчтук формасында, узундугу 2–8 <i>м</i>, туурасы 0,7–1,2 <i>м</i>. бийиктиги 0,8–1,2 <i>м</i>; таш такталар менен жабылып коюлган. Дромос жарма мүрзөгө перпендикуляр жатат. Мүрзөлөр сүйрү келип, узундугу 2–3 <i>м</i>, туурасы 1–2 <i>м</i>, бийиктиги 0,8–1,2 <i>м</i>. Маркумдардын сөөгү чалкасынан жат&shy;кырылып, башы түндүк-чыгышты карай караты&shy;лып, алдына тактай төшөлүп, кээде арча та&shy;быттарга коюлган. Көпчүлүгүнүн башы дефор&shy;мацияланган. Алар бирден, экиден, кээде тобу менен көмүлгөн. Көрлөрдөгү буюм-тайымдар ба&shy;йыркы убакта эле уурдалганына карабастан, анда карапа идиштер, жыгач чөйчөк, оймо-чий&shy;меленип жасалган таманы жайпак жыгач идиш&shy;тер (кумара, табак жана башкалар), айрым убакта согул&shy;ган себет, буттары бар жыгач үстөл, көп санда&shy;ган кооздук буюмдар (сөйкө, чолпу, шуру, биле&shy;рик, шакек, күмүш күзгү, каш боёчу таякча жана башкалар), үй-тиричилик буюмдары (темир бычак, бүлөө, ийик жана башкалар), курал-жарак (жаа, учу те&shy;мир жебе, канжар жана башкалар), жүндөн, жибектен жасалган кийимдердин калдыктары, такасы жок булгаары өтүк жана башкалар табылган. 1938–1939-жылдары А. Н. Бернштам изилдеген. Ал 12 дөбө-коргонду казган, анын 11и жарма мүрзө болгон. 1956–1957, 1960-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Талас археологиялык отряды (жетекчиси: Ы. Кожомбердиев) дагы 26 жарма мүрзөнү казган. 2001–2002-жылдары археолог Б. Аманбаева казып, сөөк буюмдарды жана башкаларды тап&shy;кан.
2–8 <i>м</i>, туурасы 0,7–1,2 <i>м</i>. бийикт. 0,8–1,2 <i>м</i>;
таш такталар м-н жабылып коюлган. Дромос жарма мүрзөгө перпендикуляр жатат. Мүрзөлөр
сүйрү келип, уз. 2–3 <i>м</i>, туурасы 1–2 <i>м</i>, бийикт. 0,8–1,2 <i>м</i>. Маркумдардын сөөгү чалкасынан жат&shy;кырылып, башы түн.-чыгышты карай караты&shy;лып, алдына тактай төшөлүп, кээде арча та&shy;быттарга коюлган. Көпчүлүгүнүн башы дефор&shy;мацияланган. Алар бирден, экиден, кээде тобу м-н көмүлгөн. Көрлөрдөгү буюм-тайымдар ба&shy;йыркы убакта эле уурдалганына карабастан, анда карапа идиштер, жыгач чөйчөк, оймо-чий&shy;меленип жасалган таманы жайпак жыгач идиш&shy;тер (кумара, табак ж. б.), айрым убакта согул&shy;ган себет, буттары бар жыгач үстөл, көп санда&shy;ган кооздук буюмдар (сөйкө, чолпу, шуру, биле&shy;рик, шакек, күмүш күзгү, каш боёчу таякча ж. б.), үй-тиричилик буюмдары (темир бычак, бүлөө, ийик ж. б.), курал-жарак (жаа, учу те&shy;мир жебе, канжар ж. б.), жүндөн, жибектен жасалган кийимдердин калдыктары, такасы
жок булгаары өтүк ж. б. табылган. 1938–39-ж.
А. Н. Бернштам изилдеген. Ал 12 дөбө-коргонду казган, анын 11и жарма мүрзө болгон. 1956–
57, 60-ж. Кыргыз ССР ИАнын Талас археол. отряды (жетекчиси: Ы. Кожомбердиев) дагы
26 жарма мүрзөнү казган. 2001–02-ж. археолог
Б. Аманбаева казып, сөөк буюмдарды ж. б. тап&shy;кан.


 
Ад.: <i>Бернштам</i> А. И. Кенкольский могильник. Л., 1940; Кенкольский могильник. Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009.
Ад.: <i>Бернштам</i> А. И. Кенкольский могильник. Л.,
1940; Кенкольский могильник. Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009.
[[Категория:4-том, 204-256 бб]]
[[Категория:4-том, 204-256 бб]]

11:05, 13 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕҢ-КОЛ КӨРҮСТӨНҮ – II–V к-га таандык ар­хеол. эстелик. Талас өрөөнүндө Кеңкол суусу­нун сол өйүзүндөгү тектирде, Манас чокусунун түндүк-чыгыш жана чыгыш жагында жайгашкан. 100гө жакын таш дөбө жана топурак дөбө кор­гондордон турат. Соңку коло доорундагы

коргондор да бар. Таш-Дөбө коргондун диаметри 6– 15 м, бийиктиги 0,3–1,2 м. Ал эми топурак дөбөнүн диаметри 8–12 м, бийиктиги 0,5–1 м. Дөбөнүн ал­дында дромос (өткөөл) жана жарма мүрзө жай­гашкан. Өткөөл тик бурчтук формасында, узундугу 2–8 м, туурасы 0,7–1,2 м. бийиктиги 0,8–1,2 м; таш такталар менен жабылып коюлган. Дромос жарма мүрзөгө перпендикуляр жатат. Мүрзөлөр сүйрү келип, узундугу 2–3 м, туурасы 1–2 м, бийиктиги 0,8–1,2 м. Маркумдардын сөөгү чалкасынан жат­кырылып, башы түндүк-чыгышты карай караты­лып, алдына тактай төшөлүп, кээде арча та­быттарга коюлган. Көпчүлүгүнүн башы дефор­мацияланган. Алар бирден, экиден, кээде тобу менен көмүлгөн. Көрлөрдөгү буюм-тайымдар ба­йыркы убакта эле уурдалганына карабастан, анда карапа идиштер, жыгач чөйчөк, оймо-чий­меленип жасалган таманы жайпак жыгач идиш­тер (кумара, табак жана башкалар), айрым убакта согул­ган себет, буттары бар жыгач үстөл, көп санда­ган кооздук буюмдар (сөйкө, чолпу, шуру, биле­рик, шакек, күмүш күзгү, каш боёчу таякча жана башкалар), үй-тиричилик буюмдары (темир бычак, бүлөө, ийик жана башкалар), курал-жарак (жаа, учу те­мир жебе, канжар жана башкалар), жүндөн, жибектен жасалган кийимдердин калдыктары, такасы жок булгаары өтүк жана башкалар табылган. 1938–1939-жылдары А. Н. Бернштам изилдеген. Ал 12 дөбө-коргонду казган, анын 11и жарма мүрзө болгон. 1956–1957, 1960-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Талас археологиялык отряды (жетекчиси: Ы. Кожомбердиев) дагы 26 жарма мүрзөнү казган. 2001–2002-жылдары археолог Б. Аманбаева казып, сөөк буюмдарды жана башкаларды тап­кан.

Ад.: Бернштам А. И. Кенкольский могильник. Л., 1940; Кенкольский могильник. Большая Российская энциклопедия. Т. 13. М., 2009.