КАРА КЫТАЙ МАМЛЕКЕТИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАРА КЫТАЙ МАМЛЕКЕТИ</b> (1130–1213) – | <b type='title'>КАРА КЫТАЙ МАМЛЕКЕТИ</b> (1130–1213) – | ||
Кашкар, Жети-Суу, | Кашкар, Жети-Суу, Түштүк Казакстан ж-а <i>Маве­раннахрдын</i> чыгыш аймагындагы мамлекет. Түндүк Кытайдагы Ляо мамлекетин <i>чжурчжендер</i> талкалагандан (1125) кийин, анын өзөгүн түзгөн кара кытайлардын (кидан) бир бөлүгү <i>Елүй Да­шинин</i> жетекчилиги м-н Моңголияга кетип, ал жерде Бей Ляо (Түн. Ляо) мамлекетин негиз­дешкен. 1128-жылы анын аскери Кашкарга кол сал­ган ж-а 1130-жылы <i>Караханид мамлекетин</i> басып алып, Елүй Дашинин тушунда (1130–43) Кара Кытай мамлекети кубаттуу державага айланган. Бул учурда анын ээлиги Бешбалыктан Бухара, Самаркандга че­йин жетип, <i>Баласагун</i> шаары борбору болгон. Кара Кытай мамлекетине азыркы Түндүк Кыргызстан гана баш ийген. Калкы ислам, ошондой эле несториан, буддизм, теңир­чилик ж. б. диндерди туткан. 1198-жылы афганстан­дык гуриддердин катуу соккусунан Кара Кытай мамлекети алсы­рай баштаган. 1210-жылы <i>Чыңгыз хандан</i> жеңил­ген найман ханынын уулу <i>Күчлүк</i> Жети-Сууга келип, Кара Кытай мамлекетинин гурханы Чжилугудунун ише­нимине кирген. Бирок 1212-жылы козголоң чыга­рып, анын тактысын тартып алган. 1218-жылы моң­голдор басып алгандан кийин, Кара Кытай мамлекети бирото­ло жоюлган. | ||
алып, Елүй Дашинин тушунда (1130–43) | |||
кубаттуу державага айланган. Бул учурда анын ээлиги Бешбалыктан Бухара, Самаркандга че­йин жетип, <i>Баласагун</i> | |||
Ад.: <i>Бартольд В. В.</i> Очерк истории Семиречья. М., | Ад.: <i>Бартольд В. В.</i> Очерк истории Семиречья. М., 1963. Соч., Т. 2. Ч. 1; <i>Караев О.</i> История Кара­ханидского каганата (X – начало XIII вв.). Ф., 1983. | ||
1963. Соч., Т. 2. Ч. 1; <i>Караев О.</i> История Кара­ханидского каганата (X – начало XIII вв.). Ф., 1983. | |||
[[Категория:4-том, 101-153 бб]] | [[Категория:4-том, 101-153 бб]] | ||
09:36, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАРА КЫТАЙ МАМЛЕКЕТИ (1130–1213) – Кашкар, Жети-Суу, Түштүк Казакстан ж-а Мавераннахрдын чыгыш аймагындагы мамлекет. Түндүк Кытайдагы Ляо мамлекетин чжурчжендер талкалагандан (1125) кийин, анын өзөгүн түзгөн кара кытайлардын (кидан) бир бөлүгү Елүй Дашинин жетекчилиги м-н Моңголияга кетип, ал жерде Бей Ляо (Түн. Ляо) мамлекетин негиздешкен. 1128-жылы анын аскери Кашкарга кол салган ж-а 1130-жылы Караханид мамлекетин басып алып, Елүй Дашинин тушунда (1130–43) Кара Кытай мамлекети кубаттуу державага айланган. Бул учурда анын ээлиги Бешбалыктан Бухара, Самаркандга чейин жетип, Баласагун шаары борбору болгон. Кара Кытай мамлекетине азыркы Түндүк Кыргызстан гана баш ийген. Калкы ислам, ошондой эле несториан, буддизм, теңирчилик ж. б. диндерди туткан. 1198-жылы афганстандык гуриддердин катуу соккусунан Кара Кытай мамлекети алсырай баштаган. 1210-жылы Чыңгыз хандан жеңилген найман ханынын уулу Күчлүк Жети-Сууга келип, Кара Кытай мамлекетинин гурханы Чжилугудунун ишенимине кирген. Бирок 1212-жылы козголоң чыгарып, анын тактысын тартып алган. 1218-жылы моңголдор басып алгандан кийин, Кара Кытай мамлекети биротоло жоюлган.
Ад.: Бартольд В. В. Очерк истории Семиречья. М., 1963. Соч., Т. 2. Ч. 1; Караев О. История Караханидского каганата (X – начало XIII вв.). Ф., 1983.