КИТАКЮСЮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИТАКЮ́СЮ – Япониядагы шаар. Фукуока префектурасынын адм. борбору. Кюсю а-нын түндүгүндө, Мурасаки д-нын чатында жайгашкан. 1963-ж. Вакамацу, Кокура, Модзи, Тобата ж-а Явата ш-нын биригишинен пайда болгон. Калкы 1,0 млн (2009). Маанилүү жолдор тоому. К. аркылуу «Синкасен» жогорку ылдамдык т. ж-нун «Токайдо – Санъё» линиясы өтөт. «Кюсю» автострадасы аркылуу Кагосима ш. ж-а дүйнөдөгү алгачкы суу астындагы темир (1941) ж-а эки ярустуу автомобиль тоннели (1958) аркылуу (асылма көпүрөсү м-н; 1973) Симоносеки ш. м-н байланышат. Япониядагы эң ири порттордун бири (жылына 109,7 млн т жүк ташылат). Симоносеки, Мацуяма, Токусима, Кобе, Осака, Токио ш. ж-а Ульсан, Пусан (Түш. Корея) порттору м-н паром аркылуу катташат. Эл аралык аэропорту бар. Кара ж-а түстүү металлургия, кокс-хим., машина куруу (2000-жылдын 2-жарымынан өтө жогорку деңгээлде өнүгүүдө; з-ддору: «Toyotа», «Nissan», «Daihatsu», «Mazda»; 2007-ж. 1 млн автомобиль чыгарылган), аскер, жеңил ж-а тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Шаардын аймагынан көмүр казылып алынат. Кокура сепили (1602; 1990-ж. толугу м-н реставрацияланган), Мёкэн синтоисттик, Фукусю будда храмдары сакталган. Китакюсю ил.- из. паркы (1996; 9 ИИИ), ун-ттер, ин-ттар, музейлер бар. Жыл сайын Кокура Гион майрамы өткөрүлүп турат. Шаарга жакын Хираодай квази улуттук паркы (акиташтуу үңкүрлөрү м-н), ысык булактар бар.