КИР ЖУУГУЧ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИР ЖУУГУЧ – кир буюмдарды мех. жол м-н жуучу машина. 19-к-дагы алгачкы кир жуугуч түзүлмө жыгачтан жасалып, кир кол м-н жуулган. Кийинчерээк электр кыймылдаткычы аркылуу айлануу кыймылына келүүчү барабандан суу ысытуучу ж-а сыгуучу түзүлмөдөн турган К. ж. пайда болгон. Биздин өлкөдө да бир канча типтеги К. ж. жасалган. Алардын бири азыркы кезге чейин үй тиричилигинде колдонулуп келаткан «Киргизия» машинасы. Азыркы

кездеги К. ж. суу кирбөөчү тулкусунун ичинде жайгашкан атайын көзөнөкчөлүү барабандан турат. Барабан жай айланганда, кир жуулуп, ал эми ылдам айланган учурда кир сыгылат. Суу куюлгандан баштап ысытуу, жуу, сыгуу, кургатуу, суу төгүү иштери атайын микропроцессорлордун жардамы м-н автоматтык түрдө башкарылат.