КИРГИЗГИЧ КАЛЕМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИРГИЗГИЧ КАЛЕМ и н ф о р м а т и к а д а (англ. pen input – киргизүү калеми) – компью­терде калемдин жылышын аныктаган атайын программалык жабдуу. Компьютер К. к. тий­ген чекиттин координатын ж-а экрандын ка­раңгылаган ордун аныктайт. Кол жазма ата­йын программалык жабдык м-н компьютер түшүнгөн текстке которулат. К. к-ди объекти­ни (сөлөкөт) башкаруучу түзүлүш катары кол­донуу ыңгайлуу. К. к. «чычканга» окшоп иш­тейт, К. к. м-н экран бети бир же эки ирет ба­сылат. Жесттер (жука болот барак) К. к. м-н атайын символ түрүндө түзүлөт ж-а тиешелүү буйруктарды билгизет. Берилишти К. к. м-н киргизүү көбөйүүдө, өзгөчө даяр формаларды толтуруу маселелери, о. эле жумуш орундары­нан же кеңсеси алыста көп убакыт кыймылда жүргөн кызматчылардын суроо-талабы сыяктуу иште колдонулат.