КИРГЕН СУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИРГЕН СУУ – жыл сайын белгилүү бир мез­гилге туура келген (метеорол. шарттарга байла­ныштуу), узакка созулган суу чыгымынын ар­тышы ж-а ага байланыштуу деңгээлинин көтө- рүлүшү. Суу кирген учурда нугунан ашып, жа­йылмасын каптап агат. Кырг-ндын сууларынын кирген мезгили жай айлары: июль–август, Ка­закстан, Россиянын суулары апрель–май айла­рына туура келет. Суу кирүүнүн себептери: ме­лүүн климатта – жазгы кардын, тоолордогу кар­мөңгүлөрдүн эриши; муссондук климатта – узак­ка созулган жайкы жаан-чачын, тропиктик алкактарда – зенит жаан-чачындары ж. б. Суу киргенде суунун өтө мол болушу суу ташкыны­на алып келет.