КИР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИР II Улуу (б. з. ч. 600–530) – перс падышасы (б. з. ч. 558–530). Ахемениддер мамлекетинин негиздөөчүсү. Б. з. ч. 550–549-ж. Мидия пады­шалыгын, б. з. ч. 54-ж. Лидия м-н Кичи Азияда­гы грек шаарларын, б. з. ч. 545–539-ж. О. Азия­нын көп бөлүгүн, б. з. ч. 539-ж. Месопотамия ж-а Вавилонду багындырган. Б. з. ч. 530-ж. Сыр- Дарыянын боюн мекендеген сак (массагет) уруу­лары м-н согушта курман болгон. Грек тарых­чыларынын маалыматтарында анын башын массагеттердин аял падышасы Томирис кесип алганы тууралуу айтылат.


Ад.: Дандамаев М. А. Политическая история Ахе­менидской державы. М., 1985.