КИНОФЕСТИВАЛЬ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИНОФЕСТИВА́ЛЬ – белгилүү программанын чегинде кино чыгармаларынын кароосу. К. ар кандай формада өтөт. Мелдештин салттуу түрү – Эл аралык кинофестивалдар (ЭКФ). Кинематографиясы өнүккөн өлкөлөр кино жетишкендиктерин көрсөтүү, анын андан аркы өнүгүү багытын аныктоо максатында өз фильмдеринин фестивалдарын уюштурушат. Айрым өлкөлөрдө тигил же бул темага, же белгилүү кино ишмерлерине арналган фильмдерди көрсөтүү да фестиваль деп аталат. Маданий ж-а эл аралык байланыштардын өсүшү ж-а кино ишмерлеринин өз ара маалымат алмашууга умтулуусу фестивалдын улуттук фильмди чет өлкөдө көрсөтүү сыяктуу түрүн белгиледи. Мындай К. он күндүк, цикл, кароо, айлык, жумалык, күн деген аталышта уюштурулат. К. – жалпы ж-а атайын (кинематографиянын жанры ж-а түрлөрү), конкурстук ж-а конкурстан тышкары, эл аралык, улуттук ж-а жерг. болуп бөлүнөт. К-дын системасына (кинорыноктор, кинодолбоорлор рыногу, сыйлыктарды тапшыруу, фильм тарткандар м-н көрүүчүлөрдүн жолугушуусу, салтанаттуу премьералар, ил. ж-а пресс-конф-ялар, кабыл алуулар, чеберчилик класстары, семинарлар, ж. б.) кино искусствосун коомчулукка жеткирүү иш-чаралары кирет. К. жылына бир жолу же эки жылда бир уюштурулат. Биринчи К. Венецияда 1932-ж. өткөн. Канны (1946) ж-а Берлин (1951) фестивалдары таасирдүү деп эсептелип, жалпы профилдеги толук метраждуу фильмдердин ЭКФи тобуна («А» классына) кирет. О. эле кино өндүрүшүнүн ири борборлору – Локарно (1946), Карлови-Вари (1946), Сан- Себастьян (1953), Каир (1976), Токио (1985), Шанхай (1993) ж. б. шаарларда өтүүчү ЭКФ м-н
бирге кыска метраждуу (Оберхаузен, 1935), анимациялык (Франция, 1960), эксперименттик (Роттердам, 1972) ж. б. фильмдердин ЭКФтери
өткөрүлүп турат. СССРде биринчи К. 1935-ж. Москвада өтүп, 1959-ж. кайрадан башталган (1972-ж. «А» классына кирген; 1999-ж. чейин эки жылда бир, кийин жыл сайын). Россияда о. эле даректүү, кыска метраждуу, ойномо ж-а анимациялык фильмдердин атайын конкурстук көптөгөн К-дары өткөрүлөт. «Россия» улуттар аралык даректүү кинолордун ачык фестивалы [Бүткүл союздук кинофестиваль (БКФ) катары 1988-ж. өткөн], «Кинотавр» (1991, Сочи), «Киношок» (1992, Анапа, биринчи жолу «Авангард кинонун «Киношок» форуму» катары өткөн), Балтика ж-а КМШ өлкөлөрүнүн ачык фестивалдары (1995) өткөн. СССР мезгилинде К. Ташкентте (Азия, Африка ж-а Латын Америкасы өлкөлөрүнүн, 1968), Киевде («Молодость», 1970), Ригада («Арсенал», 1988), Алма-Атада («Евразия», 1998) ж. б. өтүп турган. Кыргыз кино ишмерлери да мындай фестивалдарга өз фильмдери м-н үзбөй катышып турушат ж-а сыйлык алган фильмдер: «Ак илбирстин тукуму» (реж. Т. Океев, «Күмүш аюу», Берлин, 1985), «Ысык- Көлдүн кызгалдактары» (Б. Шамшиев, БКФтин Атайын байгеси, Страсбург, 1973), «Ак кеме» Б. Шамшиев, БКФтин Чоң байгеси, Фрунзе, 1976, БКФтин «Альп алтын рододендрону» Гран- Приси, Тренто, Италия, 1977), «Жалаң эркектер» (А. Видугирис, «Дамасктын күмүш кылычы» Гран-Приси, 2-БКФ, Дамаск, 1981), «Бороондуу бекет» (Б. Карагулов, «Алтын камера» сыйл., Берлин, 1996), «Саманчынын жолу» (Г. Базаров, БКФтин Атайын байгеси, Австрия, 2006), «Беш кемпир» (А. А. Кубат, «Кыргызфильм» –«Ное-Продксьон», «Күмүш кабылан»,
Локарно-Швейцария, 1998; «Кинотасмалардын күмүш кутучасы», Сингапур, 1998), «Айыл
өкмөтү» (Э. Абдыжапаров, «Дидор» ЭКФтин
Гран-Приси, Дүйшөмбү, 2004; ЭКФтин Мыкты режиссура үчүн байгеси, «Киношок», Анапа) ж. б. 2000-ж. Т. Бирназаров, Т. Ибрагимов, Б. Абдылдаев, М. Сарулу, М. Алыкулов ж. б. кинорежиссёрлордун фильмдери ЭКФтердин байгелерине арзыган. 2007-ж. Кырг-нда ШКУга кирген өлкөлөрдүн 1-Эл аралык кинофестивалы
өткөрүлгөн, 2008-ж. бул К. Азия, Европа, Америка континенттеринин 15тен ашуун мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу м-н экинчи ирет уюштурулган.
Ад.: Плахов А., Под знаком F. Кинофестивали. М.,
2006; Төлөмүшова Г. Кыргызское кино в лицах. Б., 2009.
Г. Төлөмүшова.