КИНГСТОН-АПОН-ХАЛЛ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИ́НГСТОН-АПО́Н-ХАЛЛ , Х а л л, Г у л л ь – Улуу Британиянын чыгыш бөлүгүндөгү шаар, Англияда; унит ардык түзүлүш статусуна ээ (1996). Калкы 261,0 миң (2009). Лондон м-н т. ж. аркылуу түздөн-түз, Ливерпуль, Манчестер ж-а Лидс ж. б. ири шаарлар м-н автомагистралдар аркылуу, Хамбер д-ндагы көпүрө м-н Англиянын түштүгүндөгү шаарлар м-н байланышат. Ири деңиз порту (2005-ж. 13,4 млн т жүк ташылган). Роттердам (Нидерланд) ж-а Зебрюгге (Бельгия) ш. м-н үзгүлтүксүз паром аркылуу байланышат. Эл аралык аэропорттору (Хамберсайд, шаардан 32 км; Робин Гуд, 77 км) бар. Шаардын бир топ бөлүгү деңиз деңг. төмөн тургандыктан, суу каптоого (2007, турак үйлөрдүн 20%и) учурап турат. 12-к-дын аягында кечилдер негиздеген. 20-к-да ири деңиз соода борбору ж-а дүйнөдөгү балык кармоочу ири порттордун бири. Готика стилиндеги Ыйык Троица чиркөөсү (1300), чеп-цитадель (1514), шаардык грамматика мектеби (1583), Уильям IIIнүн монументи (1734) сакталган. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу. Жыгаччылык, тамакаш (ун, май) ө. ж., «British Petroleum» (уксус к-тасы, ацетон, этилацетат ж. б.), «Smith & Nephew» (мед. технология ж-а материалдар, ортопедия техникалары), «Seven Seas» [азыктүлүк, балык (тресканын боорунан) майы ж-а анын негизинде витаминдер] ж. б. ишканалары иштеп, лак, сыр, туристтер үчүн авточиркегич ж-а карапа буюмдары чыгарылат. Ун-ттер (а. и. мед. колледж), музейлер (а. и. тарых, транспорт, деңиз ж. б.), сүрөт галереясы (1927), англ. филантроп У. Уилберфорстун үйү (2007- жылдан музей), 3 ири театр, дүйнөдөгү ж-а Европадагы эң ири океанариум бар. Жыл сайын жармаңкелер ж-а фестивалдар (ад-т, деңиз, рок музыка ж-а комедия жанрлары б-ча) өткөрүлүп турат.