КИММЕРИЙЛЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИММЕРИЙЛЕР – б. з. ч. 8–7-к-да кыязы Чыгыш Европанын талааларын жердеген көчмөн эл. Аккаддык, антикалык ж-а Библия булактары б-ча алар б. з. ч. 8–7-к-да Чыгыш Европа өрөөндөрүн жердеген. Алгач К. ж-дө ассирия булактарында эскерилет. 715–714-ж. Ассирия падышасы Саргон IIнин Урарту падышасы – Рус Iнин жеңишине байланышту эскерилет. Асархадондун мезгилинде К-дин 2 тобу белгилүү: биринчи топ Ассириянын чыгыш тарабында (Маннеде), экинчиси батыш тарабында (Кичи Азияда) жайгашкан. 679-ж. Асархаддон Каппадокияда К. падышасы Теушпуну талкалаган. Лигдамис (акад тилинде Дугдамми) падышанын учурунда 675-ж. К. Фригияны, 644-ж. Лидияны басып алышкан. 641-ж. Лигдамис өлгөндөн кийин бийлик анын уулу Сандакшатруга өткөн. 620-жылдары Анатолияда скифтердин падышасы Мадий, 7-к-дын аягында Лидия падышасы Алиатт К-ди талкалаган. Антикалык ад-ттарда К. ж-дө алгач Гомердин «Одиссеясында» (XI, 14) кездешет. К-ге таандык археол. эстеликтерге Түркиянын Норшун-Тепе, Имирлере, Богазкёй, Сард, Гордиона ж. б. ш-нын аймагындагы байыркы скиф дооруна тиешелүү табылгалар кирет. Буга жараша Чыгыш Европада да К-дин археол. эстеликтери скиф эстеликтеринен айырмаланбайт. К. м-н скифтердин мад-ттары бирибирине жакын болгондуктан, окумуштуулар К. тили иран тилдер тобуна кирет деп божомолдошот.
Ад.: Алексеев А. Ю., Качалова Н. К., Тохтасьев С. Р.
Киммерийцы: этнокультурная принадлежность. СПб., 1993; Иванчик А. И. Киммерийцы. Древневосточные
цивилизации и степные кочевники в VIII–VII вв. до
н. э. М., 1996; он же. Накануне колонизации. Северное Причерноморье и степные кочевники VIII–VII вв. до
н. э. в античной литературной традиции: фольклор, литература и история. М.; Берлин, 2005.