КИКБОКСИНГ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИКБО́КСИНГ (англ. kick – бут м-н тебүү ж-а boxing – бокс) – чыгыш күрөштөрүнүн (каратэ, таеквондо, муай-тай ж. б.) ж-а англис боксу­нун негизинде түзүлгөн спорт түрү. К-тин эре­жеси б-ча таймашта атаандашына багытталган кол м-н буттун соккулары күчтү толук колдо­нуу аркылуу жүргүзүлөт. Бут м-н иштөө ыкма­лары чыгыш күрөштөрүнөн, ал эми колдуку бокс­тан алынган. К. машыгуучулардан өзгөчө кара күч даярдыгын талап кылат. Ал АКШда ж-а Батыш Европада 1970–75-ж. пайда болгон. Учур­дагы К-де жети негизги багыт бар: лайт-кон­такт, семи-контакт, фул-контакт, лоукик, тай- К., о. эле жакында эле пайда болгон жекече тай­маш ж-а К. база-

сындагы аэроби­ка. Бүгүнкү күндө К. б-ча мелдештер бир нече уюм м-н

өткөрүлөт. Бул иш -чарал ардын негиздөөчүсү – Эл аралык профес­сионалдык каратэ федераци ясы (1968-ж. түзүлгөн).
К-дин ири уюму – WAKO (эл аралык


К. уюмдарынын ассоциациясы). Ага 89 өлкө мүчө. Ал К-ди сүйүүчүлөр ж-а профессионалдар арасында мелдештерди өткөрүүдө. Профессионал­дар арасында мелдештер эркин «хронол. схема» (профессионалдык бокста кабыл алынган рей­тинг системасы) б-ча жүргүзүлөт. Ал б-ча спорт­чу таймаштарды өткөзүп, жеңишке жетишип, тийиштүү рейтингге ээ болгондо өзүнүн салма­гы (мелдешти өткөргөн уюмдун аныктоосу) б-ча чемпиондукка талапкер катары саналат. Ан­дан кийин талапкер бул салмактагы чемпион м-н беттешет. Талапкер жеңишке жетишсе, ал жаңы чемпион аталат. К. жабдыктарына бокс мээлейи, шыйрак ж-а таман калканчалары, спорттук туулга, капа (тиштерди сактоочу ка­ражат), кыз-келиндер үчүн төшүн коргоочу ата­йын кошумча калканчтар кирет. К. сүйүүчүлөр­дүн таймашы 2 миндан 3 раунд болот. Профес­сионалдардын рейтингдик таймашы 6–8 ра­унд, чемпион наамы үчүн 12 раунд өтөт. Кырг­нда К. 1990-жылдардын башынан өнүгө баш­тап, көптөгөн спорт клубдары (Гермес-Профи ж. б.) ачылган. Анын өнүгүшүнө өзгөчө зор са­лым А. Воинов, Э. Исмаилов, Ж. Сапаков ж. б. кошкон. Дүйнөгө таанымал кырг-ндык спорт­чулар – Ш. Шадманов (Кырг-ндан алгачкы дүйнө чемпиону), Ж. Амантаев, М. Борбашев, Р. Аба­сов, А. Порсуков, А. Ибраев, К. Сыдыгалиев ж. б. Респ-канын 1-чемпионаты 1996-ж. Биш­кекте өткөрүлгөн.


Ад.: Линдер И. Б., Оранский И. В. Боевые искусства Востока. Маленькие «секреты» больших школ. М., 1992; История боевых искусств. От нового света до Черного континента. М., 1997; Гагонин А. С., Гаго­нин С. Г. Психотехника рукопашной схватки. СПб., 1999; Тарас А. Е. Французский бокс сават: история и техника. Минск, 2001.

Б. Үсөнканов.