КИЙИК ОТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИЙИК ОТ (Тhymus) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Сабагы жерге төшөлүп, кээде жантыгынан өскөн чала бадалча. Гүлдөөчү бутагы тик өйдө, кээде жантыгынан өсөт. Жалбырагы тушташ жайгашкан, жээ-

ги тегиз, түрдүү формада, майда (1–1,5 см). Гүлдөрү шар сымал топ гүлдү түзүп, сабагынын учунда жайгашат. Желекчелери көгүш, мала кызыл, агыш, кээде көк түстө. Мөмөсү – жаңгакча, сүйрү же тоголок. 300дөй түрү бүткүл Евразияда, Түн. Африкада, Канар аралынан Гренландияга чейин таралган. Кырг-нда 8 түрү бөксө ж-а бийик тоолордогу боздоңдо, суу, булак боюнда, бадал арасында, аска-зоо жаракасында, шагылдуу бетте өсөт. К-тун кээ бир түрүндө эфир майы – тимол, карвалол бар. Медицинада, парфюмерияда ж-а тамак-аш ө. ж-нда колдонулат. Ошондуктан кээ бир өлкөдө кадимки К. о. атайын өстүрүлөт. Кыргыз эли да эзелтеден эле сасык тумоо үчүн, ичеги карын ооруларын дарылоодо кайнатып, ширесин ичишкен.