КИЙИЗ БУЮМДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КИЙИЗ БУЮМДАР – ки­йизден жасалып, турмуш­тиричиликте колдонулуучу ар кандай буюм-та­йымдар. К. б. байыртадан эле пайдаланылып келген. К. б-ына боз үйдүн тутуусу (үзүк, туур­дук, түндүк жабуу, эшик тыш), токулга (тер­дик, ичмек, ком, чом, желдик), кийим-кечек (ке­ментай, калпак, чокой, кийиз байпак, доолдай,

белдемчи), төшөнчү ж-а ар түрдүү буюмдар [ала кийиз (к. Алагийиз), шырдак, туш кийиз, өрө кийиз, аяк кап, табак кап, текче, күзгү кап, самын кап, уук учтук, сал аяк (үзөңгү баштык), үртүк, кийиз кап, куржун, баштык, сувенир­лер ж. б.] кирип, учурда кеңири колдонулат.