КИЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КИ́ЕВ – Украина Респ-нын борбору (1934-жылдан). Баатыр шаар. Киев обл-нун адм. борбору. Днепр д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 2,7 млн (2008). Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорттору (Борисполь, Жуляны) бар. Метрополитен (1960), шаардын борборунда 1905-жылдан фуниклёр иштейт. Орус жыл баяндамаларында алгач 860-жылдан эскерилет. К-дин аймагындагы турак-жайлар соңку палеолит дооруна таандык. Шаардын аты аны негиздеген Кий деген адамдын ысмына байланыштуу деп болжошот. К. чыгыш славяндык полян уруусунун борбору катары б. з. 6–7-к-нда негизделген. 882- жылдан (князь Олег ээлегенден кийин) 1132-ж. чейин Киев Русунун саясий, маданий ж-а соода борбору болгон. Кол өнөрчүлүгү, жазуусу, архрасы өнүгүп, 11-к-да София собору, Киев-Печёра лаврасы курулган. К-ди 1240-ж. декабрда моңгол-татарлар талкалап, Алтын Ордого баш ийдирген. 1362-ж. Литва улуу княздыгына караган. Люблин униясы б-ча (1569) Польшанын ку-

рамына өткөн. К. 1654-жылдан 1991-ж. чейин Россиянын (кийин СССР), курамында Киев округунун (1923–30), Киев обл-нун (1932–34),
Украин ССРинин (1934–91) борбору болгон. Россияга кошулгандан кийин Киев воеводдугунун, 1708-жылдан Киев губерниясынын борбору.
1905–07-ж-дагы рев-яда, Октябрь рев-ясында
К. Украинадагы рев-ялык кыймылдын чордону болгон. Улуу Ата Мекендик согушта 1941-ж. 19-сентябрда К-ди немистик фашисттер басып алышкан, ал 1943-ж. 6-ноябрда бошотулган.
Ө. ж-нын негизги тармактары: машина куруу (а. и. «Авиант» авиация з-ду, станок, транспорт, так приборлор, электр-тех., радиоэлектроника ж. б.), курулуш материалдар, металл иштетүү, хим., нефть-хим., фармацевтика, жеңил (жибек комбинаты, «Роза» трикотаж ф-касы), полигр., тамак-аш–татымал (нан, кондитер). Киев орус мамлекетинин маданий ж-а диний борбору болгондугунан арх-ралык курулуштарга бай. Эң белгилүү арх-ралык эстелиги –
Киев-Печёра лаврасы. О. эле Успение, София (11-к.; коңгуроо мунарасы 17–19-к.), Владимир
(19-к.) соборлору, Алтын көпүрө (11-к.), Выдубецкий монастыры (11-к.), Спас (11-к-дын аягы –
12-к-дын башы), Кирилловск (12-к.), Андреевск (18-к.) чиркөөлөрү сакталган. Киев-Фергана лаврасы м-н София с обору ансамбли Бүт күл
дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. 1947–
54-ж. шаардын Крещатик көчөсүндөгү ансамбль (Улуу Ата Мекендик согушта талкаланган) калыбына келтирилген. 1960–80-ж. Русановка,
Оболонь ж. б. турак-жай массивдери курулуп, көптөгөн эстеликтер (а. и. Богдан Хмельницкий,

Т. Шевченко, А. С. Пушкин, Леся Украинка ж. б-дын, белгисиз жоокердин бейитиндеги обелиск), мемориалдык комплекс [«Улуу Ата Мекендик согуш (1941–1945) тарыхый улуттук музейи»] бар. К-де ИА, 70ке жакын ЖОЖ (а. и. ун-т, консерватория), китепканалар, 15ке жакын театр (а. и. опера ж-а балет), 30га жакын музей (а. и. Т. Г. Шевченко адабий-көркөм, тарых, Украина сүрөт, орус, Батыш ж-а Чыгыш иск-волору, улуттук тиричилик ж-а архра, Киевдин тарыхы, элдик декорация иск-восу, ад-т ж-а иск-во архив-музейи, медицина тарыхы ж. б.), филармония, А. В. Довженко атн. киностудия (1928), стадион бар. ЖЭБ, ГЭС ж-а мамл. райондук электр станциясы иштейт. Эл аралык музыка конкурстары, кинофестивалдар өткөрүлүп турат. Украинадагы туризмдин (жылына 0,6 млн; а. и. 0,2 млну чет өлкөлүктөр) эң ири борбору.
Ад.: Киев // Большая Российская Энциклопедия, Т. 13, М., 2009.