КЕЧИЛДИК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КЕЧИЛДИК – диний социалдык топ. Анын мүчөлөрү «бул дүйнөдөн кечүү», үй-жай, мүлктөн баш тартуу, үйлөнбөй так өтүү, туугандык ж-а социалдык байланыштардан биротоло кол үзүү, белгилүү бир монастырда жашоо, анын уставына баш ийүү сыяктуу катаал тартиптеги турмушта өз ыктыяры м-н жашап, өмүр кечирет. К. алгач б. з. ч. 1-миң жылдыктын орто ченинде буддизмде (Индия) пайда болгон. Кийинчерээк Кытай, Япония, Тибет, Түш.-Чыгыш Азия ж-а Ы. Чыгыш өлкөлөрүндө өнүккөн. Б. з. 3- к-нда христианчылыкта түзүлө баштаган (протестантизмде К. жок). Кээде (толук туура келбесе да) К-ке мусулман дервиштерин да кошушат.