КЕФИР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КЕФИ́Р – сүттөн уютулган кычкыл азык. Ынак же көк сүттөн даярдалат. Сүт 85–87°С темп­рада 5–10 мин же 90–92°Сде 2–3 мин пастерле­нип, 19–23°Сге чейин суутулат. Ага түрдүү сүт кычкыл микроорганизмдеринен турган 3–5% ке­фир уюткусун куюп, аралаштырат. Уюган кил­килдек продукт 8–10°С темп-рада түрдүү убакыт­ка кармалат. Ага жараша начар (1 күндүк), орто (2 күндүк) ж-а өтө ачыган (3 күндүк), кычкыл­дуулугу ар башка (80–120°Т) К. алынат. Өтө ачы­ган К-де сүт к-тасы, спирт, көмүр кычкыл газ көбүрөөк, белоктун ажыроо продуктулары азыраак болот. Сүт з-ддору майлуу (майлуулугу 2,5; 3,2 ж-а 6%), С витаминдүү, мөмө-жемиш ширелүү ж-а майы аз (0,5%) К. чыгарат. К. кө­бүнчө чоң идиште ачытылып, даяр продукт бөтөлкөгө же полимер капталган кагаз ж-а по­лиэтилен пакеттерге куюлат. Сүткө караганда К. сиңимдүү ж-а мүнөздөп тамактанууда пайда­ланылат. Өтө ачыган К. ичти катырат, начар ачыганы ичти алдырат. К-ди 0°Сден жогору эмес темп-рада 3 суткага чейин сактоого болот.